АКШ Кыргызстандын тигүү өнөр жайынын экспортун күчөтүү максатында кызматташууда

2014-жылдан баштап Америка Кошмо Штаттары “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” долбоорунун алкагында, Европа жана КМШ ири чекене сатуу тармактары жана фирмалык дүкөндөрү аркылуу көп миллиарддык экспорттук рынокторго чыгуу үчүн Кыргызстандын кийим тигүүчүлөрүнө өндүрүү жана сатуу жолдорун оптимизациялоого көмөк көрсөтүп келет.

2015-жылдын февраль айында USAID Кыргыз Республикасынын тигүү өнөр жайынын өндүрүш дараметин көрсөтүү үчүн чет өлкөлүк ритейлерлер менен жолугушуу уюштурду. Чекене сатуучу тармактардын өкүлдөрү Кыргызстандын тигүү өнөр жайынын масштабы жана продукция иштеп чыгуудагы ийилчээктиги, логистикага кеткен чыгымдардын аздыгы жана өзгөрүүлөргө бат көнгөнүшү сыяктуу атаандаштык артыкчылыктарына суктанышты.

Бул жолугушуудан, кыргызстандык тигүүчүлөр 1 млн. АКШ долларына бааланган, негизинен эркек костюм тигүү боюнча контракттар менен чыгышып, аларды ишке ашырышты.

USAID долбоору Кыргызстандын тигүү өнөр жайы эл аралык атаандаштыкка туруштук бере аларын аныктагандан  кийин, өлкөнүн башка өнөрчүлөрү да жаңы дем менен ишке киришти. Жалпысынан 1700 адамды иштеткен 22 компания бул демилгегег кошулуп, өз ишин өнүктүрүү үчүн тажрыйба алмашып баштады. Азыркы рыноктордогу сооданы кеңейткенден кийин, долбоор Европа биримдигине жана Кошмо Штаттарга экспортту өнүктүрүүнү көздөп жатат.

“Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID-дин демилгеси” –  бул туризм, кийим тигүү жанан курулуш материалдарын чыгаруу секторлорундагы өндүрүштү көбөйтүү, рынокторго жол ачуу жана башкарууну жакшыртуу аркылуу ишканалардын атаандаштыгын күчөтүүнү көздөгөн төрт жылдык долбоор.