EducationUSA, жогорку билимди АКШда алууга кызыкдар студенттер үчүн АКШ өкмөтүнө таандык расмий маалымат булагы, октябрь айынын 11-де алгач ирет Евразия жана Орто Азияны камтыган билим берүү турун баштайт. Он АКШнын колледжи жана университети турга катышып, окутуучу жана окуучулар менен АКШда билим алуу тууралуу мүмкүнчүлүктөр менен тааныштырат.
Турдун Кыргыз Республикасындагы бөлүгүндө, EducationUSA АКШ университеттеринин эки ири жарманкесин Ош жана Бишкек шаарында өткөрөт. Оштогу иш чарасы октябрь айынын 12-күнү саат 14:00дөн-18:00гө чейин “Классик” отелинде (Алиева көч. 143) өтөт. Бишкек иш чарасы 13-октябрда саат 14:00дөн 18:00гө чейин “Дамас Интернешнл” отелинде өтөт (Жумабек 107).
EducationUSA АКШ университеттер жарманкелери АКШ колледждеринин жана университеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп воркшоп жана презентацияларды камтыйт. Жарманкелер АКШда окууну каржылоого багытталган гранттар жана стипендиялар тууралуу маалыматты да камсыз кылып, АКШдагы жалпы бакалавр жана магистратурага түз же алмашуу программалары аркылуу тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат тартуулайт.
EducationUSA-АКШ университеттер жарманкелери кызыкдар студенттер, ата-энелер жана окутуучуларга АКШ колледждер жана университеттердин өкүлдөрү менен жолугуп, АКШ колледжине тапшыруу жараяны, билим берүү программалары жана маалымат булактары менен таанышууга шарт түзүп берет. Иш чараларга катышуу акысыз жана жалпы коомчулукка ачык. Кызыккандарды www.tinyurl.com/edusafair шилтемеси аркылуу катталууга чакырабыз.
EducationUSA 170 өлкөдө сыртта окуй турган студенттер үчүн акысыз кызмат көрсөтүп АКШда окуу үчүн беш кадам менен тааныштырат: окуу жайларды караштыруу, каржылоо, анкета толтуруу, окуу визасын алуу жана окуу сапарына даярдануу, жана ар бир кадам үчүн ресурс жана ыктарды тартуулайт. АКШда 4500 акредитацияланган жогорку окуу жайы бар. EducationUSA адиси окуучуларга тандоолорун тактап алгачкы максаттарын аныктоого жана колледждеги окуу жолун пландоого жардам бере алат. Бул программа стипендияларды ыйгарбайт, бирок студенттер түрдүү даражалык окуу жолдорун карап жаткан кезде стипендиялык мүмкүнчүлүктөрдү табууга көмөк көрсөтөт.