Программа тууралуу
TechGirls – бул Америкада өтүүчү жайкы алмашуу программасы, АКШдан жана башка өлкөлөрдөн келген жаш кыздарга (15-17 жаш) илим, технология, инженерия жана математика (STEM) боюнча жогорку билимге жана карьерага умтулууга жана тандоого багытталган программа . TechGirls программасынын өзөгүн АКШдагы 24 күндүк тажрыйба түзөт. Virginia Tech менен өнөктөштүктө катышуучулар практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча тренингдерди, STEM тармагындагы заманбап технологияларды жана ар кандай билим берүү жана кесиптик жолдорду тереңдетүүчү интерактивдүү технологиялык лагерге катышышат. Андан кийин, TechGirls Америка Кошмо Штаттарынын шаарларына (Остин, Чикаго, Цинциннати, Денвер, Детройт же Сиэтл) коомчулукка чөмүлүү жана STEM карьерасын изилдөө үчүн барышат. TechGirls программанын артыкчылыктары катышуучулар жети айлык насаатчылык менен жамааттык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өз өлкөлөрүнө кайтып келгенде деле уланат. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кириңиз: https://techgirlsglobal.org/