Бишкек – КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Улуттук фтизиатрия борбору, кургак учук менен ооругандардын арасында өткөрүлгөн баяндамалар конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлашат. Бул конкурстун негизги максаты – кургак учук менен ооругандардын кандай түйшүктөргө дуушар бологодугу жана көп орууларды дарылануудан четтеткен социалдык стигманы азайтуу.
Сыйлыктарды тапшыруу аземи 31-мартта саат 10:00 Улуттук илимий медициналык китепканада өтөт (Тоголок Молдо көч., 1/2, Москва көч. менен кесилишет). Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев, Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилисинин орун басары Алан Мельцер, медицина жаатындагы адистер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана конкурстун катышуучулары аземге катышышат.
Пациенттердин баяндамалары көбүнчө медициналык статистиканын артында көрүнбөй калган кургак учук менен ооруган адамдардын тагдырларын чагылдырат. Бул баяндамалар аркылуу пациенттер кандай кыйынчылыктарды көрүшөт жана аларды кантип жеңгендери жөнүндө ой бөлүшөт. Бул ойлорду түшүнүү – өлкө боюнча ишке кирип жаткан пацинетке ылайыктанган кургак учукту дарылоо жолдорун илгерилетүүгө жардам берет.
КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Улуттук фтизиатрия борбору бул конкурсту Эл аралык кургак учук менен күрөшүү күнүнө карата USAID-дин “Кургак учукту жеңебиз” долбоорунун жардамы менен уюштурушту.
USAID-дин “Кургак учукту жеңебиз” долбоору – бул Кыргызстандагы кургак учукту азайтууга багытталган беш жылдык долбоор. Долбоордун алкагында, күчтүү саламаттыкты сактоо системасы аркылуу аярлуу адамдар үчүн медициналык кызматка толук жол ачуу, күчтүү диагностикалык жабдуу менен камсыз кылуу жана медициналык кызмттардын арасындагы кызматташтыкты күчөтүү боюнча иш жүрүп жатат.