Жайкы лагерлер мектеп окуучуларын активдүү жаран болууга шыктандырды

Август айында Ош жана Ысык-Көл областтарыда өткөн эки жайкы лагерге Кыргызстан боюнча 120 мектеп окуучусу катышып, критикалык ой жүгүртүү, жарандык баалулуктар жана активдүү жаран болуу жөнүндө үйрөнүштү. Окуучулар лидерлик жана команда менен иштөө боюнча сабактарды мультимедия технологиялардын жардамы менен оюндар, театр сыяктуу интерактивдик ыкмалар аркылуу өтүштү. Лагерди Шайлоо системаларынын эл аралык фонду (IFES) USAID-дин колдоосу менен уюштурду.

«Сабактардын программасы кылдаттык менен иштелип чыккандыгы көрүнүп турат. Ар кандай чыгармачыл студиялар – театр, сүрөт, мультимедиа – аркылуу балдардын потенциалын ачып, туура нукка бурууга өбөлгө түзөт. Бул жерде акыл жана жүрөк кошулушат!», – деп театр сабактарын берген Шамиль Дыйканбаев өз оюн бөлүштү.

Он күндүн ичинде окуучулар жашаган жеринде же мектебинде ар кандай маселелерди чечүү үчүн демилгелерди көтөрүп, аны ишке ашырууну үйрөнүштү. Мисалы, мурдагы лагерлердин бүтүрүүчүлөрү балдар үйүнө каражат чогултуу үчүн концерт, мугалимдер үчүн жарандык активдүүлүк боюнча тренинг, классташтары үчүн мини-лагерь, ж.б.у.с. долбоорлорду ишке ашырышкан. Бүтүрүүчүлөр ушул жана башка демилгелери жөнүндө балдарга айтып берип, аларды өз коомуна жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк издөөгө шыктандырышты.

«Лагерде бардыгы жагат: окутуучулар, сабактар, кечки презентациялар. Сабактар оюндар менен өтө кызыктуу жана пайдалуу өттү», – дейт Бишкектен келген окуучу Илья Агеев.

Андан тышкары лагердин катышуучулары шайлоо жараяны жана шайлоого катышуу канчалык маанилүү экендиги жөнүндө да үйрөнүштү. Эки жылдан бери лагерге мүмкүнчүлүгү чектелген балдар да катышышат. Алар башка балдар менен бирге окуп, аларга үлгү болушуп, бардык мүчөлөрүн баалаган коомдун манисин түшүндүрүштү.

USAID жана Шайлоо системаларынын эл аралык фонду (IFES) 20-жылдан бери Кыргызстан менен кызматташып, жаштардын лидерлик сапаттарынын өнүгүүсүн колдоп келет.

Байланыш контакттары:  Бермет Мамеева, IFES программалык адис, Тел.: 312 612602, Email: bermet@ifes.kg