Ош мамлекеттик университетинин студенти АКШ колдогон англис сөздөрүн талдоо боюнча улуттук сынакты утуп алды

Spelling Bee 2021

2021-жылдын 12-октябры-БИШКЕК – Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын мыкты 14 студенти Бишкекте чогулуп, 2021-жылкы Кыргыз улуттук сөз талдоо сынагына катышышты. Болжол менен 2 саат сынактан кийин Ош мамлекеттик университетинин студенти Минура Мирзаева “BACKLASH” сөзүн туура жазуу менен жогорку орунга ээ болду. Жеңүүчү болуп табылган соң, ал англис тилин окуу канчалык маанилүү экенин мындай деп билдирди: “Мен англис тилин интернеттен комикстерди окуп баштагам, азыр университетте англис тилин үйрөнүп жатам. Мен илимий изилдөөлөрдү кыргыз тилине которуу үчүн котормочу болуп иштегим келет”.

Иш-чара АКШ элчилигинин колдоосу менен Эл аралык билим берүү боюнча Америка Кеңештери тарабынан уюштурулган. Бул орфографиялык талдоо сынагына Кыргызстандын бардык бурчтарындагы (китепканаларга негизделген, англис тилин окуу клубдары) жергиликтүү конкурстарга катышуу менен тандалып алынган бардык 8 аймактын өкүлдөрү катышкан студенттер кирген. Конкурска катышуу бардык катышуучулар үчүн акысыз.

“Биз Кыргызстандык мыкты студенттерге жакшы мүмкүнчүлүк берип жатканыбызга сыймыктанабыз”, – деди Америка кеңештеринин Кыргызстандагы директору Олеся Гарднер. “Алар бул сынакка окууга көп убактысын жана күчүн жумшашты жана англис тилин үйрөнүүгө болгон аракети жана берилгендиги менен бизди таң калтырышты.”

Орфографиялык талдоо Америка Кошмо Штаттарында 1800-жылдары башталган, анткени мектеп окуучуларын жаңы чыккан Webster’s Dictionaryден стандартташтырылган жазууну үйрөнүүгө үндөгөн. Биринчи улуттук мелдеш 1908-жылы Кливлендде өткөрүлгөн жана бул иш-чара 1925-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.

Орфографиялык талдоо сынактын катышуучуларынан уккан сөздөрүн айтууну жана сөздүктө жазылгандарды туура жазууну талап кылат. Катышуучу кабыл алуучудан бул сөздү кайталоону суранышы мүмкүн; аныктамасын, кеп бөлүгүн жана келип чыккан тилин аныктоону жана аны сүйлөмдө колдонуусын сурашы ыктымал. Сөздөрдүн татаалдыгы бирдей эмес, анткени англис тили башка тилдерден көптөгөн сөздөрдү кабыл алган.