МАМКАТЧЫ ТИЛЛЕРСОНДУН БИЛДИРҮҮСҮ

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк Күнү

Америка Кошмо Штаттарынын ϴкмѳтүнүн атынан, Кыргыз Республикасынын бийлигин жана элин 31-августта белгиленген Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 26 –жылдыгы менен куттуктайм жана бардык жакшылыктарды тилейм.

Бүгүн, бул ѳзгѳчѳ күндү жана 26-жылдык ѳнѳктѳштүгүбүздү белгилѳѳдѳ Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын элине толук кошулат. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн жарыяланышынан тарта, Америка Кошмо Штаттары экономикалык мүмкүнчүлүктѳрдү, демократиялык баалуулуктарды, ѳз-ара түшүнүүнү жана элдер ортосундагы байланыштарды алдыга жылдыруу максатында Кыргыз Республикасынын эли менен бир жеңден кол чыгарып тыгыз иштеп келет.

Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын эли менен болгон мамилесин келээрки жылдарда да ишеним, теңдик жана бир-бирине кѳрсѳткѳн сый урматтын негизинде андан ары тереңдетүүгѳ умтулат.