Кыргыз Республикасындагы парламенттик шайлоолор тууралуу билдирүү

АКШ МАМЛЕКЕТТИК ДЕПАРТАМЕНТИ

Басма сөз кызматы

Марк Тонер, басма сөз катчысынын орун басары

Америка Кошмо Штаттары Кыргыз элин жакында өткөн парламенттик шайлоодо өзүнүн демократиялык укуктарын жүзөгө ашыргандыгы менен куттуктайт.  Президент Атамбаев, Жогорку Кеңеш, Борбордук шайлоо комиссиясы, көптөгөн өкмөттүк жана жарандык уюмдар Кыргыз Республикасындагы демократиялык процессти алдыга жылдырган шайлоого салымдарын кошушту.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) байкоо жүргүзүү миссиясы жана “Демократия жана жаран коом үчүн” Коалиция аттуу кадырдуу жергиликтүү бейөкмөт уюму алдын ала жыйынтыктарында шайлоо атаандашуу жолу менен өтүп шайлоочууларга кеңири тандоо мүмкүнчүлүк берилди деп белгилеп кетишти.  Андан тышкары (moreover), жаңы технологияларды ишке киргизүү аракеттери бийликтин шайлоо жараянын жакшыртууга умтулуусун көрсөтүп, мурдагы кыянаттыктарды азайтуу максатында ийгиликтүү болгон көрүнөт.

ЕККУ/ДИАУБдун байкоо жүргүзүү миссиясы шайлоочулардын тизмелеринин так эместиги, жашыруун добуш берүүнүн, добуштарды эсептөө ачык процедуралардын жана бейтараптуу маалыматтын жетишсиздиги тууралуу тынчсызданууларын билгизди.  Ал жетишпестиктер жөнүндө тынчсызданууларга карабастан, бул шайлоолор Кыргызстандын демократия багытындагы өнүгүүсүндө маанилүү кадам болду.  Америка Кошмо Штаттары кыргыз эли жана ал шайлап алган өкүлдөрү менен өз ара урматтоо жана өз ара кызыкчылыктардын незигизинде чогуу иштөөгө үмүттөнүүдө.