Америка Кошмо Штаттары уюшулган кылмыштын дөө-шаасы Камчыбек Кольбаевдин кармалышына алып келген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аракеттерин кубаттайт. АКШ Кыргыз бийликтери бул коркунучтуу криминалдык лидерди коомдук тартип кызыкчылыгында жоопко тартып камакта кармайт деп үмүттөнөт.
АКШнын Мамлекеттик департаменти Камчыбек Көлбаевдин кылмыштуу тармагынын каржы механизмдеринин бузулушуна алып келген маалымат үчүн 1 миллион долларга чейин сыйлык сунуштаган.
Көлбаевдин кылмыштуу түзүмү Борбор Азияда жайгашкан жана баңги заттарын, курал, адам сатуу, опузалоо жана башка кылмыштар менен алектенет. Көлбаевдин кылмыштуу тармагы бир нече евразиялык кылмыштуу топтордун лидерлеринен жана мүчөлөрүнөн турган Brothers’ Circle трансулуттук кылмыштуу уюмунун бөлүгү. Көлбаев АКШнын Чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча департаментинин (OFAC) 13581 Аткаруучу буйругунун негизинде 2012-жылдын февраль айында Brothers’ Circle үчүн же анын атынан иш алып барат деп таанылган.