Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасында болуп жаткан окуяларды кунт коюп байкап турат. Бардык тараптардан зомбулуктан алыс болуп, шайлоо талаш-тартыштарын тынчтык жолу менен чечүүнү суранабыз. Америка Кошмо Штаттары кыргыз элинин өз келечеги, өкмөтүнүн курамы, шайлоо кандай жана качан уюштурулаары жөнүндө чечим кабыл алуусун колдойт.
Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жана демократиялык башкаруу формасын сыйлайт. Акыркы күндөрдөгү окуялар тышкы эмес, ички саясий динамиканын чагылдырылышы. Биз Кыргыз Республикасынын бардык коңшуларын жана эл аралык өнөктөштөрдү өлкөнүн улуттук тарыхындагы ушундай кылдат учурунда өлкөнүн эгемендүүлүгүн бузуудан алыс болууга чакырабыз.