2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине болгон шайлоо тууралуу билдирүү

1-декабрь, 2021-жыл

Америка Кошмо Штаттары кыргыз элин 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо демократиялык укуктарын ишке ашыргандыгы менен куттуктайт. Биз Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) COVID-19 пандемиясына жана өлкөнүн айрым аймактарындагы кыштын катаал шарттарына карабастан, шайлоону уюшкандыкта өткөрүүдөгү ишин жогору баалайбыз, жана ошол эле учурда, техникалык жана процедуралык мүчүлүштүктөрдү, анын ичинде добуштарды саноодо жана шайлоонун алгачкы этаптарында орун алган кемчиликтерди белгилейбиз.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык Институттар жана Адам Укуктары Бюросунун (ДИАУБ) байкоочу миссиясы өзүнүн алдын ала отчетунда шайлоо процесси шайлоочулардын маңыздуу катышуусуна мыйзамдык жана башка тоскоолдуктарга карабастан жалпысынан атаандаштык менен өткөнүн белгиледи. Биз кыргыз бийлигин бардык орун алды делген процедуралык мыйзам бузууларды жана башка кемчиликтерди ачык жана өз убагында иликтеп, тийиштүү чара көрүүгө чакырабыз.

Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын эли жана парламенттин жаңы чакырылышында шайланган өкүлдөрү менен өз ара кызыкчылык туудурган маселелерде, анын ичинде негизги адам укуктарын коргоо, демократиялык институттарды чыңдоо, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү менен аймактык тынчтык жана коопсуздук боюнча кызматташууну чыдамсыздык менен күтөт.