Америка Кошмо Штаттары, Кыргыз Республикасында жайгашкан Борбор азиядагы Америка университетинин журналистика долбооруна катышкан өзбек журналисти Бобомурад Абдуллаевдин кармалып, камакка алынуусу жана экстрадициялануусу менен дагы да тынчсызданып келет. Кыргыз бийликтери Абдуллаев мырзаны Өзбекстан өкмөтүнүн ачык эмес жана негизсиз айыптоолордун негизинде түзүлгөн суроосу боюнча экстрадициялаган. Абдуллаев мырза Өзбекстанга алып келинген соң бошотулуп, ал үй-бүлөсү менен өлкө борборунан чыгууга уруксат алганы менен, анын учурдагы макамы белгисиз. Кошмо Штаттары Өзбекстан өкмөтүн Абдуллаевге каршы коюлган айыптарды ачыктоого, жана кийинки кадамдарын билдирүүгө чакырат. Мындан тышкары, президент Мирзиёев журналисттердин өлкөдөгү маанилүү ролу тууралуу көп айтып келгендигинен улам, биз Өзбекстанды массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн, жана ошондой эле Абдуллаев мырзанын өз оюн эркин билдирүү укугун урматтоого чакырабыз, жана ага өзү тандаган жерине эркин барууга уруксат берүүгө үндөйбүз.
Кошмо Штаттары, ошондой эле, Кыргызстандын УКМКсы Абдуллаевди, аны Кыргыз Республикасында камакка алынганда кыйноого дуушар кылган деген сөздөрдөн улам, жана Кыргыз Республикасынын өлкөдөн чыгарып бербөө тууралуу милдеттенмеси болгонуна карабастан Өзбекстанга тапшырып бериши боюнча терең тынчсыздануусун билдирет. Кошмо Штаттары бүткүл дүйнө жүзүндө адам укуктары баалуулугун илгерилөөнү колдойт жана Өзбекстандын да, Кыргызстандын да бийликтерине тычнсыздануусун билдирүүсүн улантмакчы.