АКШ Мамлекеттик департаментинин катчысынын орун басары Жон Салливандын кайрылуусу

Dancers perform at the Nowruz event in the East Room of the White House, March 11, 2015. Nowruz is the celebration of New Year for communities across the Middle East, Central and Southwest Asia, and Eastern Europe. (Official White House by Chuck Kennedy) This official White House photograph is bein

Нооруз майрамына карата

Жаз келээри менен мен Иран элин жана ушул сонун салтты майрамдап тургандагандардын баарына куттуу Ноорузду каалайм.

Мен бүгүн Америка Кошмо Штаттарда же дүйнө жүзү боюнча жашаган Азербайжан, Грузия, Индия, Иран, Ирак, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Ооганстан, Пакистан, Россия, Сирия, Тажикстан, Түркия , Түркмөнстан, Өзбекстан элдеринин өкүлдөрүнө жети тамак жайылган дасторкондорунда үй бүлөлөрү, жакындары менен чогулуп шаң-шөкөт менен майрамдап турган мезгилде эң жакшы каалоолорумду узатам.

Нооруз – бул өткөн окуяларды эстен өткөрүү мезгили. Өткөн жылы эркиндик, ар-намыс жана адам укуктарын сыйлоо үчүн үнүн көтөргөн Иран элине таазим кылам. Америка Кошмо Штаттары сөз, дин жана тынч чогулуш негизги эркиндиктерге умтулгандарды колдойт.

Акыр-аягы, Нооруз — бул келечекке болгон үмүт тууралуу ой жүгүртүүнүн убагы. Жаңы жыл барыңыздарга тынчтык, эркиндик жана гүлдөп-өсүүнү алып келсин.