АКШ мамлекеттик катчысы Майкл Помпеонун Орозо Айт майрамына карата билдирүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинин атынан бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарды кутту Орозо Айт майрамы менен куттуктайм.

Ыйык Орозо айынын аяктоосун белгилеген бул майрамды дүйнөдөгү  мусулман жамааттардын баары шаң салтанаттуу майрамдашат. Бул майрам Орозо айын жыйынтыктап, туугандар менен жакындарга дасторкон жайуу, садака кылуу жана ички дүйнөсүн байытуу чаралар менен белигиленет.

Ушул кубанычтуу күнү сиздер Айт намазга катышып, үйлөрдү кыдырып айттап белектериңиздерди таратып жүргөн  учурда, сиздерге бардык жакшылыктырды каалайбыз. Айт Маарек болсун!