Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн жана Америка элинин атынан 31-августта майрамдалчу 28-чи Эгемендүүлүк күнү менен Кыргыз Республикасынын элине өз атымдан эң жакшы каалоо тилектеримди билдиргим келет.
28 жыл мурун Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын көзкарандысыздыгын биринчи болуп тааныган өлкөлөрдүн катарында болгон. Биз Кыргыз Республикасынын аймактагы коопсуздук, гүлдөп өнүгүүгө жана демократияны өркүндөтүүгө тилектеш экенин жогору баалайбыз. Биздин жылдык эки тараптуу консультацияларыбыз, биздин бардык Борбор азия мамлекеттеринин эгемендүүлүгүн, көз карадысыздыгын, жана территориалдык бөлүнбөстүгүнө багытталган ниеттерибизди даңазалайт. Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасы менен эки тараптык кызматташтык боюнча жаңы келишимин иштеп чыгып алдыдагы жылы кызматташтыкты тереңдетет деп ниеттенет.
Кыргыз Республикасынын элин анын 28-чи эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм.