Президент Жо Байдендин Нооруз майрамы менен куттуктоосу

Ак үй
Вашингтон
19-март, 2022-жыл

Улуу урматтуу
Садыр Жапаров
Кыргыз Республикасынын Президенти
Бишкек

Урматтуу президент мырза:

Сизге жана Кыргыз Республикасынын элине тынчтык, ден соолук жана бакубат Нооруз майрамын каалайм. Эки өлкөбүздүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин жана өнөктөштүктүн 30 жылдыгын белгилеп жаткан учурда, менин администрациям эки тараптуу кызматташуу боюнча жаңы келишимди түзүп жатканыбызга кубанычта.

Пандемия менен күрөшүүдөгү биздин кызматташтыгыбызга жана өлкөңүздүн өнүгүшүнө көрсөткөн туруктуу колдообузга таянуу менен бул келишим алдыдагы жылдарда тереңирээк кызматташууга жол ачат. Биз ошондой эле C5+1 процессин андан ары өнүктүрүү жана жалпы аймактык максаттарыбызды колдоо үчүн сиздер менен иштешүүгө даярбыз.

Сизге жана Кыргыз Республикасынын элине ушул жаңы жыл жана жаңы жазда эң жакшы каалоолорумду билдирем. Нооруз майрамыңыз кут болсун!

 

Урматтоо менен,

Жозеф Р. Байден

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти