2017 жылдын 18-22 мартында социалдык ишкер Рахама Райт Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин жардамы менен ишкерлер, университет жана бизнес-мектептердин студенттери үчүн семинарларды өткөрөт. Рахама Райт социалдык ишкер, ал Батыш Африкада ши бактын данегинен чыгарылган май сатуу түйүнүнүн өркүндөтүү тармагында иштейт.
Рахама Райттын «Shea Yeleen» аттуу социалдык ишканасы жогорку сапаттагы териге кам көрүү өнүмдөрдү сатып-таратып, ошол эле маалда Түндүк Ганадагы кооперативдин мүчөлөрүнүн жашоо-тиричилигин каржылайт. Анын ши майынан чыгарылган өнүмдөрү «100+ Whole Foods Markets», Amazon.com жана SheaYeleen.com тармактар аркылуу таратылган. «Shea Yeleen» компаниясы түрлү басылмалар жана «O», «The Oprah Magazine», «Forbes Woman Africa», «Voice of America», and «CNBC Africa» сыяктуу жалпыга маалымдоо каражаттыр аркылуу белгилүү болгон.
Рахама Райт Кыргызстанда териге кам көрүү өнүмдөрдү өндүргөн ишкерлер менен жолугат. Ошондой эле, ал жаш социалдык ишкерлер менен жолугат жана университет менен бизнес-мектептердин студенттери менен өзүнүн ийгилик баяны менен бөлүшөт. Рахама Райт жолугушуулардын жана семинарлардын катышуучулардын суроолоруна жооп берип, аларга насааттарын берет.
2014-жылы ал жеке капитал инвестициянсынын биринчи айлампасын инвесторлор Дик Парсонс менен Рон Лаудердин жардамы менен пан-Африкалык инвестициялык компаниясы менен бирге бүтүргөн. Африка аялдарынын экономика жана бизнес тарабындагы өнүгүүсүнүн алдыңкы добушу болуп саналган Райт айым БУУнун ишкердик боюнча тематикалык дебатында, АКШ мамлекеттик катчысынын карамагындагы Глобалдык диаспоранын форумунда, Дүйнөлүк банктын Африка регионун өнүктүрүү диалогунда чыгып сүйлөгөн.
Азыркы мезгилде ал Джон Хопкинс университинин социалдык инновация лабароториясында ишкерлердин кеңешчиси катары эмгектенет. 2014-жылы ал президент Обаманын Африкада бизнести өнүктүрүү боюнча консультациялык кеңешинин мүчөсү болуп дайындалган. Райт айым Женесио шаарындагы Нью-Йорк мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер боюнча бакалавр даражасына ээ болгон жана Тынчтык Корпусунун ыктыярчысы болуп Малиде кызмат өтөгөн.
Иш чараларды чагылдырууга кызыккан ЖМКдын өкүлдөрү АКШ элчилигинин басма сөз кызматы менен 597 396, 597 595, 0770 770 299 телефон номурлар же BishkekPAS@state.gov электрондук даарек аркылуу байланышуу зарыл.