Жыргалаңдагы тоо лыжа сезону Каракол шаарынан анча алыс эмес жерде жайгашкан тоо лыжа базасынын фрирайд трассасында 21-22-ноябрда өтө турган Туристтик фестивалдын ачылышы менен башталмакчы. Туристтик фестивалга Кыргызстандан, Казакстандан, Россиядан жана Америка Кошмо Штаттарынан келген туристтик блогерлер менен фотографтар, туристтик агенттиктер, спорт ассоциациялары катышат. Алар кышкы сезон астында, Жыргалаңдын туристтик багыт катары өзгөчөлүктөрүн изилдешип, жергиликтүү жана чет элдик экстремалдуу спортту сүйүүчүлөр үчүн жаңы эс алуу жайды ачуу үчүн келишмекчи.
Иш-чара Жыргалаңды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп жаткан «Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” (BGI) долбоорунун көмөгү менен уюштурулган.
Россиялык журналист жана туризм жаатындагы блогер Светлана Хлебникова жаш кыргызстандык журналисттери жана спорттун экстремалдуу түрлөрүн сүйүүчүлөрү үчүн туристтик блог жазуунун негиздери боюнча бир катар семинарларды өткөрмөкчү. Ошондой эле, ал туристтик объектилердин башкаруучулары, спорт ассоциациялары жана башка катышуучулар үчүн спорт туризмин илгерилетүү максатында социалдык медианы натыйжалуу колдонуу боюнча тренинг өткөрөт.
Туристтик фестиваль, мындан тышкары, жергиликтүү калкты, анын ичинде жаштарды жана аялдарды, туризмди өнүктүрүү процессине катыштырууга да мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Аталган иш-чаранын алдында USAID жергиликтүү калк үчүн тамак-аш жасоо жана декоративдик колдонмо искусствосунун буюмдарын даярдоо боюнча мастер-класс өткөрмөкчү. Бул алардын фестивалдын катышуучуларына өздөрү даярдаган жеңил тамак-ашты жана сувенирлерди сунуштай алышы үчүн уюштурулууда. Мындай тажрыйба жергиликтүү калкка туризм кандайча кошумча киреше алууга көмөктөшө ала тургандыгын ачык көрсөтүп берет.
«Биз аймактагы туризмди өнүктүрүүгө шык, дем бергибиз келет. Биз биргелешип иштөө менен Жыргалаңдагы социалдык-экономикалык жагдайды жакшыртып, аны Кыргызстанда гана эмес, бүткүл дүйнөдө жагымдуу имиджге ээ болушуна жетише ала тургандыгыбызды билебиз», – деди Эмил Ибаков, фестивалдын уюштуруучуларынын бири.
Жыргалаң «Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси» (BGI) долбоорунун туристтик жерлерди өнүктүрүү программасына кирген Кыргызстандагы төрт жергелеринин бири. Ал программа туристтик объектилер менен кызмат көрсөтүүлөрдү илгерилетүү жана өркүндөтүү аркылуу аймактагы экономиканы өнүктүрүүгө багытталган.
«Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси» – бул бизнестин өсүшүнө, жумуш орундарынын түзүлүшүнө жана экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасында жайгашкан фирмалардын жана баа чынжырчаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн түзүүгө жана бекемдөөгө багытталган төрт жылдык, көп кырдуу долбоор.
Долбоор туурасында кененирээк төмөнкү сайттан маалымат алса болот:
https://www.usaid.gov/ru/news-information/fact-sheets/business-growth-initiative
Фестиваль төмөнкү дарек боюнча өтөт: Жыргалан айылы, Аксуу району, Ысык-Көл облусу, Асанбаев көч. 3. Тел.: 0557 20 77 77 / 0551 91 69 24