Flag

An official website of the United States government

Нотариустар
Нотариалдык кызмат бардык улуттар үчүн алдын ала дайындоо боюнча жеткиликтүү

Эскертүү

АКШнын бардык жарандары туулгандыгы тууралуу каттоо, паспорт же нотариалдык кызматтары керек болсо, АКШ жарандарына кызмат көрсөтүү бөлүмүнө келгенге чейин онлайн каттоодон өтүүсү зарыл.

Жалпы маалымат

Hand signing documentНотариалдык кызматтар бардык улуттар үчүн жана дайындоо боюнча гана көрсөтүлөт. Адатта нотариалдык жактан күбөлөндүрүлө турган документ Америка Кошмо Штаттарда колдонуу үчүн, бирок өзгөчө учурлар болушу мүмкүн. Эгерде нотариалдык жактан күбөлөндүрүлө турган бир нече документиңиз болсо, сиз бир гана жолугушууга барышыңыз керек. Ар бир талап кылынган нотариалдык мөөр үчүн сиз дайындалган күнү Элчиликте же Консулдукта 50 АКШ долларын төлөйсүз.

Сизге дайындалган жолугушуу күнү сизге төмөнкүлөр керек:

  • Толук, кол коюлбаган документтерди нотариалдык күбөлөндүрүүгө алып келиңиз. Кол коюуну же мөөрдү талап кылбаган баракчалар болсо дагы, сиз пакетти толугу менен көрсөтүшүңүз керек.
  • Паспорт же айдоочунун күбөлүгү сыяктуу өкмөт тарабынан берилген жарактуу ID-картаңызды көрсөтүңүз. Документтердеги аты-жөнү сиздин ID-картаңыздагы аты-жөнү менен бирдей болушу керек.
  • Нотариалдык мөөр үчүн 50 АКШ долларын төлөңүз.
  • Акылдуу болуңуз жана нотариалдык күбөлөндүрүүнү каалаган документти түшүнүңүз. Консулдук кызматкерлерге мазмунду сизге түшүндүрүүгө уруксат берилбейт.
  • Эгерде нотариалдык кызматыңыз күбөнү талап кылса, анда сиз өз күбөлөрүңүздү даярдашыңыз керек. Консулдук кызматкерлер документтериңизге күбө боло албайт.

Акысыз аткарылуучу нотариалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн мисалдары

DS-3053: DS-3053 макулдук билдирүүсүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүү үчүн: 16 жашка чыга элек өспүрүмгө АКШ паспортун берүү (PDF, 345K), формада көрсөтүлгөн нускамаларды, толтурулууга тийиш болгон маалымат талааларын карап чыгып, оригинал, жарактуу, өкмөт тарабынан берилген сүрөтү бар ID-картаны, ошондой эле анын эки тарабынын көчүрмөсүн алып келиңиз. АКШнын Мамлекеттик департаменти бул форманы нотариалдык жактан күбөлөндүрүүнү талап кылгандыктан, бул кызмат акысыз жүргүзүлөт.

Scales, Seal, PenИшеним кат (АКШ паспортуна арыздар менен бирге): Эгер ата-энесинин экөө тең жашы жете электердин АКШ паспортун алуу үчүн жеке катыша алышпаса жана алар үчүнчү тарапты дайындоону кааласа, алар ишеним катка мамлекеттик нотариустун алдында кол коюшу мүмкүн. Бул ишеним кат белгилүү бир маалымат талааларын камтышы керек; үлгүсүн көрүңүз. Ар бир ата-эненин оригинал, жарактуу, өкмөт тарабынан берилген сүрөтү бар ID-картанын эки тарабынын көчүрмөлөрү ишеним кат менен кошо болушу керек экенин эске алыңыз. АКШнын Мамлекеттик департаменти бул форманы нотариалдык жактан күбөлөндүрүүнү талап кылгандыктан, бул кызмат акысыз жүргүзүлөт.

АКШнын муниципалдык, штаттык же федералдык мекемесинин түздөн-түз өтүнүчү боюнча

Чет өлкөлүк өкмөттүн түздөн-түз өтүнүчү боюнча