Ак үйдүн жогору даражадагы кызматкери жана USAID-дин өкүлү АКШ менен Кыргыз Республикасынын мамилелерин чыңдоо үчүн жолугушууларды өткөрүштү

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин Борбор азия боюнча директору Эрик Руденшолд, АКШнын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин (USAID) Азия боюнча администраторунун жардамчысынын орун басары Хавьер Пьедра менен биргеликте, 2018-жылдын 13-14-декабрында Кыргыз Республикасынын өкмөт өкүлдөрү менен бир катар жогору даражадагы жолугушууларды өткөрүштү.

Бул сапар, АКШ өкмөтүнүн жогору даражадагы расмийлеринин Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгын кеңейтүүгө жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктап эки тараптык мамилелерди бекемдөөгө багытталган бир катар сапардын акыркыларынан болду.