АКШ Мамлекеттик департаментинин Бюросунун улук кызматкери Элис Уэллстин уурдалган каражаттарды кайтарып алуу боюнча иш-чарадагы сөзү

АКШ Мамлекеттик департаментинин Бюросунун улук кызматкери Элис Уэллстин
Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева катышкан
Уурдалган каражаттарды кайтарып алуу боюнча иш-чарадагы сөзү
Дүйшөмбү, 26-февраль, 2019-жыл, 14:00
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Эркиндик бульвары 58,
Финансы министрлиги

Саламатсыздарбы!

Рахмат, урматтуу министр Жеенбаева! Кыргызстан менен Американын мамилелеринин өркүндөшүнүн белгиси болгон иш-чарага катышканым мен үчүн чоң сыймык.

Бул азем экс-президент Курманбек Бакиевтин үй-бүлөсү тарабынан уурдалган 4,6 миллион АКШ доллардык активтерин аныктап жана кайтарып алуу боюнча көп жылдан бери уланып келе жаткан эки өкмөттүн, тактап айтканда, укук коргоо органдарыбыздын кызматташуусунун туу чокусу болуп саналат. Бул каражаттарды кайра кайтарып алуу үлкөн жетишкендик жана биздин эки тараптуу мамилелер үчүн абдан маанилүү учур. Бул АКШ өкмөтүнүн Президент Жээнбековтун коррупцияга каршы күрөшүнө болгон колдоосун баса белгилеп, жана коррупцияга малынган чиновниктер тарабынан Кыргыз мамлекетинен уурдалган каражаттарды кайтарып берүүгө болгон АКШнын ынтызарлыгын көрсөтөт.

Бул кайтарылып бериле турган каражат өкмөт тарабынан сунушталган кыргыз элинин жашоо-шартын жакшыртууга багытталган демилгелери бизди кубанычка бөлөйт. Алардын ичинде элет жерин таза суу менен камсыз кылуу жана жергиликтүү ооруканаларга негизги медициналык жабдыктарды сатып алуу. Мындан тышкары, бул каражаттар райондук соттордо видео жана аудио жабдууларын орнотуу менен бирге Кыргыз Республикасынын сотторунун адилеттигин жана ачык-айкындыгын илгерилетип, коомдук контролду камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Америка Кошмо Штаттары кыргыз элине таандык болгон каражаттарды кайтарып берүү иш-чарасында сиз  өкүлү болгон өкмөт менен кызматташууна сыймыктанат. Бүгүн өкмөттөрүбүз элдин эсебинен жана өлкөнүн өнүгүшүнө бөлүнгөн каражаттарды өз кызыкчылыгы учун уурдаган паракор чиновниктерге жол бербейбиз деген билдирүүнү жөнөтүп жатабыз. Бул кол коюу аземи Кыргыз Республикасынын паракорчулукка каршы күрөшкө багытталган чечкиндүү кадамдарды жасап жатканы биздин жалпы каалоону чагылдырат.

Мындан тышкары менин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарым биздин эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жаңы эки тараптуу кызматташтык келишими боюнча  сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө берилгендигин чагылдырат. Бул келишим ар тараптуу тармактарда кызматташуу үчүн негиз катары кызмат кылат. Алардын ичинде мектеп окуучуларды жетиштүү тамак-аш менен камсыз кылуу, жергиликтүү дыйкандарга дүйнөлүк класстагы айыл-чарба өнүмдөрүн өстүрүүгө көмөктөшүү, ошондой эле Борбордук Азия боюнча натыйжалуу энергетикалык рыногун түзүү. Эки тараптын жакшы ниети менен, биз тез арада эле өлкөлөрүбүздүн пайдасы үчүн түзүлгөн бул келишимге кол коё алабыз деп ишенем.

Келечекте ушул стратегиялык жактан маанилүү аймактагы туруктуулукту камсыз кылуу, ошону менен бирге биздин максатыбыз болгон Ооганстандагы түбөлүк тынчтыкты орнотууга умтулган көмөктү көрсөтүү, жана терроризмге каршы күрөшүү. Бул аймакта террористтердин эч кандай келечеги жок болушу үчүн биз Ооганстан жана Борбордук Азия менен биргелешип иштейбиз.

1991-жылы Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкты алган соӊ, АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди ишеним, тендик жана өз-ара сыйдын негизинде куруп жатабыз. Биз төмөнкү багыттарда кызматташтыгыбызды бекемдеткибиз келип жатат. Алардын ичинде туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн терроризм жана айыгышкан экстремизм менен күрөшүү; экономиканын гүлдөп өсүшү жана Америкалык инвесторлорго мүнкүнчүлүктөрдү кеӊейтиш үчүн бизнес-чөйрөнү жакшыртуу; жана биздин жалпы баалуулуктарыбызды алдыга жылдыруу үчүн, биздин эки демократиялык өлкө ортосундагы диалогду өнүктүрүү.

Дагы көптөгөн жылдарга созулган достуктун жана жемиштүү кызматташуунун улануусун чыдамсыздык менен күтөбүз.

Чоң рахмат!