Flag

An official website of the United States government

Бөлүмдөр & Кеңселер

Консул бөлүмү

Консул бөлүмү Кыргызстанда жашаган америкалык жарандарга тейлөө кызматын көрсөтөт. Бул кызматтарга паспорттун мөөнөтүн узартуу, чет жерде туулгандарга күбөлүк берүү жана башкалар кирет. Бул бөлүмдө АКШга сапарга чыккандарга иммиграциялык  эмес уруксат (виза) берүү маселеси чечилет. Биздин консулдук тейлөө кызмат тууралуу кенен маалымат алуу үчүн биздин веб сайттагы консулдук беттерге кириңиздер.

Аскердик атташе башкармасы

Аскердик атташе башкармасы Кыргыз Республикасынын Коргонуу министрлигиндеги кесиптештери менен аймактык коопсуздук, коргонууну модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелеринде тыгыз кызматташтыкта болуу үчүн иш алып барат.

Бишкек шаары, 720016, Тынчтык кең көчөсү 171
Тел.: +996 312 597 000
Факс: +996 312 597 744

Экспорттук текшерүү бөлүмү  жана чек аралардын коопсуздугун сактоого  өбөлгө түзүү программасы (EXBS)

Экспорттук текшерүү жана чек аралардын коопсуздугу Программасы (EXBS) АКШнын мамлекеттик департаментинин демилгеси жана программанын багыты   Кыргыз Республикасы менен биргелешип иштеп, экспорттук текшерүү системасын өркүндөтүү болуп саналат. EXBS программасынын максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө массалык кыруу каражаттарын (МКК) же ага байланышкан башка каражаттарды жана кадимки  курал-жарактарды  мыйзамсыз ташуу жана таратууга байланыштуу иштерди табуу, аларга жол бербөө, иликтөө жана кылмыш жазасына тартуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга колдоо көрсөтүү. Бул программа чек ара коопсуздугун камсыздаган органдарга, укук коргоо органдарына, прокурорлорго жана Кыргыз Республикасындагы импорт/экспорт иштерине лицензия берүүчү жооптуу кызматкерлерге көмөк корсөтөт.

2000-жылдан бери EXBS программасы Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугу, стратегиялык товарларды  жайылтууга жана соодалоого эл аралык стандарттарга жооп берген  текшерүү орнотуу боюнча күч-аракеттерин колдоо, бул үчүн окутууга,  жабдууларды алууга 24 млн доллардан ашуун каражат берген.

INL

Бөлүм кыргыз укук коргоо органдарынын кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана коомдук коопсуздукту сактоого адис мамиле кылуу менен коррупциясы жок ишмердүүлүгүн жакшыртууга жардам берет.Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза акыйкат сот системасында мыйзамдын биринчи турушуна түрткү болот, көз карандаы эмес сот системасын колдойт, адамдын, анын ичинде жапа чеккендердин да негизги укуктары сакталган акыйкат жана натыйжалуу укуктук системаны орнотууга жардам берет. INL бөлүмү ошондой эле бангизаттар менен күрөшүүнү, иликтөө иштерин жүргүзүүнү, кылмыштарды соттук  жазалоону, анын катарында соттук-медициналык экспертиза тармагын да эл аралык стандарттарга шайкеш өркүндөтүү боюнча иштерди алып барат.

Программанын бөлүктөрү:

Укук коргоо органдары: Укук коргоо маселелери боюнча башкы кеңешчи (УКББК) кыргыз милициясына кесиптик ишмердүүлүгү, окутуу, коррупцияга тоскоол болчу жана жарандарды тейлөө сапатын жогорулатуучу  системаны түзүү боюнча жардам берет. Бишкектеги милициянын мектебин реконструкциялоо мунун натыйжаларынын бири. INL Ички иштер министрлигинин криминалдык лабораториясын жаңылоого колдоо жасады, Юстиция министрлигинин соттук-медициналык экспертизасына колдоо көрсөтүп жатат.

Баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөш: INL Кыргызстандын органдарына түндүк Афганстандан кирип жаткан баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөштөгү күч-аракеттерине колдоо көрсөтүп жатат.

Акыйкат сот секторун реформалоо: INL АКШнын Юстиция министрлигинин Туруктуу юридикалык кеңешчисин каржылап жатат: анын максаты  өкмөттүн акыйкат сот секторун реформалоо жана коррупция менен курөшүү боюнча иш-чараларына жардам берүү болуп саналат. Адвокаттардын потенциалын жогорулатуу багытында  бирдиктүү коллегия түзүүнү жана адвокаттардын Окуу борборун андан ары өркүндөтүүнү колдогон долбоор да бар.

Башкаруу бөлүмү

Бөлүм элчиликтин ишиндеги бардык келишим түзүү, техникалык, чарбалык камсыздоо, транспорт, курулуш маселелерин чечет.

Каржы жана адам ресурсу бөлүмү

өлүм элчиликтин бардык финансылык жана кадрдык иштерин алып барат АКШынын элчилигинде бош жумуш орундары бар экендигин бул жерди басып билип алсаңыз болот.

Аскердик кызматташтык бөлүмү

Аскердик кызматташтык бөлүмү Кыргызстандын Коргоо министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана чек ара кызматы менен коопсуздук маселеси боюнча кызматташтык программаларын ишке ашыруу жана координациялоо багытында, наркобизнес жана терррорчулук менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана аймактагы тынчтыкты сактоо боюнча мамлекеттер аралык операцияларда биргелешкен ишмердүүлүктү күчөтүү боюнча иш алып барат. АКШнын Башкы командалыгы жана анын программалары тууралуу кенен маалыматты вебсайттан табасыздар: http://www.centcom.mil/.

Саясий экономикалык бөлүмү

АКШ элчилигинин саясий-экономикалык бөлүмү өкмөттүк, финансы жана ишкер чөйрөлөрү, кыргыз коомчулугунун  өкмөттүк эмес уюмдары менен кызматташып, америкалык саясатчылар менен Кыргыз Республикасынын жетекчилеринин ортосундагы карым-катыштарды түзүү багытында иш алып барат, америкалык саясий ишмерлерге кыргыз коомчулугунун бардык катмарларынын пикирин чагылдырган докладдарды даярдайт.

Коомчулук менен байланыш бөлүмү

Коомчулук менен байланыш бөлүмү  Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын элдеринин ортосундагы өз ара тушүнүүчүлүктү тереңдетүү багытында америкалык бурчтар, борборлор, маданий программалар, билим берүү жана  адистик алмашуу программалары, маалымат каражаттарын колдоо программалары, англис тилине үйрөтүү жана башка иштерди алып барат. Эгерде Америка Кошмо Штаттары тууралуу көбүрөөк билгиңиз келсе  америкалык бурч сиздин жаныңызда, келиңиз. Башка маселелер боюнча төмөнкү дарек боюнча байланышсаңыз болот: BishkekPDS@state.gov.

Региондук коопсуздук бөлүмү

Региондук коопсуздук бөлүмү чет өлкөдөгү элчиликтин жана америкалык жарандардын коопсуздугун камсыз кылат.

Кыргыз Республикасында Тынчтык Корпусу

Тынчтык корпусунун алгачкы ыктыярдуулар тобу Кыргыз республикасына 1993-жылдын июнь айында келген. 2016-жылдын 26-августунда  Миссия башчысынын орунбасары Алан Мельцер Кыргыз улуттук филармониясында тынчтык корпусунун америкалык волонтерлорунун 24-тобунун ант берүусунө  катышкан.

2016-жылдан 2018-жылга чейин ыктыярдуулардын 24-тобу АКШ Тынчтык корпусу менен КР  Билим берүү жана  илим министрлигинин ортосундагы биргелешкен кызматташтыктын алкагында Кыргызстандын университеттеринин жана Нарын, Ысык-Көл, Чуй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын орто мектептеринин  жергиликтүү англис тил окутуучулары менен иштешет. Андан сырткары ыктыярдуулар ошол жердеги  Англис тили клубдарында топторго окутууларды жургузуп, өркүндөтүлгөн усулдарды иштеп чыгууга жардам беришет.

Бул 24-ыктыярдуулар тобун 21 жаштан 46 жашка чейинки  америкалык ар кайсы 19 штаттан келген адамдар түзөт.

2017-жылы Тынчтык корпусу Кыргыз Республикасына кызмат кылуу үчун келген ыктыярдуулардын алгачкы тобуна 25 жыл толгондугун белгилейт. Бул мезгил аралыгында 1100 дөн ашуун америкалык волонтерлор Кыргыз Республикасына келип кызмат кылган. 2016-жылдын 9-10-сентябрында Колумбия штатында, Вашингтондо Кыргызстандын Вашингтондогу элчиси Кадыр Токтогулов менен кайра кеткен жүздөн ашуун волонтерлор биргелешип Кыргыз Республикасынын көз каранды эместигинин 25 жылдыгын майрамдоо салтанатын, Джордж Вашингтон университетинде жана Кеннеди борборунда Кыргыз республикасында иштеген ыктыярдуулардын  салтанаттуу сый тамагын уюштурушкан.

Тынчтык корпусу тууралуу: Президент Джон Ф.Кеннединин 1961-жылы 1-марттагы буйругу менен Тынчтык корпусун түзүлгөндөн бери 200 000 ден ашуун америкалыктар дуйнөнүн 140 мамлекетинде кызмат кылышкан. Азыркы учурда 7000ден ашуун волонтерлор 75 мамлекетте жергиликтүү жамааттар менен иш алып барууда. Тынчтык корпусу волонтерлорунун кызматы 27 айга созулат жана Агенттиктин миссиясы менен милдети бүт дүйнөдө тынчтыкты жана америкалыктар менен башка өлкөлөрдүн элдеринин ортосунда өз ара түшүнүучүлүк менен достукту орнотуу болуп саналат. Кошумча маалымат алуу үчүн www.peacecorps.gov сайтына кириңиздер.

Тынчтык корпусунун ыктыярдуулары 1992-жылы кол коюлган  макулдашуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чакыруусу менен келишкен. Азыр ант беришкен К-24 тобундагы 74 волонтер  Кыргыз Республикасында кызмат кылышууда. Кыргыз Республикасындагы Тынчтык корпусу тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн жогорудагы сайтка киргиле же Facebookту ачкыла.

Тынчтык Корпусунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү:

Чокморов көчөсү 304
Бишкек шаары 720000,  Кыргыз Республикасы
Тел.: (996-312) 650-989, 651-232, 650-494
Факс номери: (996-312) 650-362

Пайдалуу шилтемелер:

Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун (CDC) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өнөктөштүгү 1995-жылы башталып, Борбордук Азияда ооруну аныктоо, алдын алуу жана көзөмөлдөө жана калктын ден соолугуна коркунуч туудурган жагдайларга жооп берүү боюнча өкмөттүн потенциалын бекемдөөгө багытталган.

ВИЧ/СПИД: 2010-жылы CDC АКШ президентинин СПИД боюнча шашылыш планын (PEPFAR) ВИЧ/СПИДди алдын алуу, сактоо жана дарылоо программаларын жана саламаттыкты сактоо системасынын потенциалын күчөтүү үчүн ишке киргизди. Бул кызматтарды көрсөтүүнүн эффективдүү жолдорун аныктоо жана калктын негизги катмарларын оорудан алдын алуу, дарылоо кызматтарын кеңейтүү үчүн маалыматтык далилдерге негизделген программаларды ишке ашырууну камтыйт.

Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык СПИД борбору  жана Республикалык психиатрия жана наркология борбору менен өнөктөштүк Кыргыз Республикасында эпидемияны көзөмөлгө алууга жетишүү үчүн абдан маанилүү. CDC Саламаттыкты сактоо министрлигине төмөнкү багыттар боюнча колдоо көрсөтөт: ВИЧ менен жашаган 3410го жакын адамдарга кам көрүү жана дарылоо кызматтарын көрсөткөн  өлкөдөгү 22 борбордо антиретровирустук терапия кызматтарын камсыздоо үчүн техникалык жардам көрсөтүү; ВИЧти алдын алуу, анын ичинде опиоиддик көз карандылыкты дары-дармек менен дарылоо; ВИЧ боюнча консультация берүү жана текшерүү; лабораторияларды   жана стратегиялык маалымат системаларын чыңдоо.

ВИЧ жана кургак учукка каршы аракеттер тууралуу көбүрөөк билүү үчүн CDC веб-сайтына кириңиз.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо демилгелери: PEPFAR сыяктуу программалар ден соолукка коркунучтарды алдын алуу, аныктоо жана аларга каршы аракеттенүү үчүн Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо системасынын жана жумушчу күчүнүн фундаменталдык потенциалын түзүүгө жардам берди. Башка CDC флагмандык демилгелери, мисалы, талаа эпидемиологиясын окутуу программасы, коомдук саламаттыкты сактоо адистерин маалымат чогултуу, эпидемияны аныктоо жана эпидемияга жооп кайтаруу үчүн мобилизациялоо боюнча окутуу аркылуу өлкөнүн коомдук саламаттыкты сактоо тармагынын потенциалын күчөтөт.

Мисалы, COVID-19 пандемиясына жооп катары CDC COVID-19 вакцинациясы үчүн коомдук саламаттыкты сактоо тутумдарын колдонуу, SARS-CoV-2, COVID-19 вирусун жана лабораториялык аныктоо системаларын күчөтүү аркылуу Кыргыз Республикасын колдоого алды.

CDC коомдук саламаттыкты сактоо максаттында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигин жана башка өнөктөштөрдү колдоону улантууда.