Билдирүү
Басма сөз катчысынын кеңсеси
28-февраль, 2022-жыл
Пресс-катчы Нед Прайс:
Мамлекеттик катчы Антони Дж. Блинкен бүгүн Казакстандын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстандын жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен сүйлөшүнү өткөрдү. Мамлекеттик катчы Блинкен Орусиянын Украинага алдын ала даярдалган, эч кандай себепсиз жана негизсиз чабуулун катуу айыптап, Украина эли менен үзгүлтүксүз туруктуу тилектештигин билдирди.
Катчы ошондой эле АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин 30 жылдык мааракесин белгиледи. Ал АКШнын бул өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн туруктуу колдоорун баса белгилеп жана биздин эл үчүн C5+1 аймактык кызматташуусунун чоң мааниге ээ экенин баса көрсөттү.
###