Жаштардын жана аялдардын коомдогу коопсуздукту камсыз кылуу аракеттерин сыйлоо

Бишкек – 19-февралда “Saferworld” уюму менен “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фондусу Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин колдоосундагы “Милициянын жана коомчулуктун социалдык өнөктөштүгү” долбоорунун алкагында “Жаштардын жана аялдардын мыкты кампаниялары” сыйлык берүү аземин экинчи жолу салтанатуу түрдө Бишкек шаарындагы Сити Отель мейманканасында өткөрөт. Аталган церемония жаштардын жана аялдардын коомчулуктар менен милициянын ортосундагы социалдык кызматташтыкты жакшыртуу боюнча аракеттерин белгилейт.

2015-жылдын июнь айынан тартып 2016-жылдын январь айына дейре “Эл аралык толеранттулук үчүн” фондусу жана “Saferworld” уюму жаштар жана аялдар менен биргеликте сегиз демилгени жергиликтүү жана улуттук деңгээлде ишке ашырды. Аталган иш-чаралар үйдөгү зордук-зомбулукту азайтуу, жаштарды кылмыштуулуктан алыстатуу жана радикалдуу диний агымдарга тартуу терс көрүнүчтөрдү алдын алууга багытталган. Кампаниялар коом, милиция жана жергиликтүү башкаруу органдардын ортосундагы ишинимди күчөтүүнү көздөйт.

Ички иштер министрлиги, ЕККУ, БУУнун Бангизат жана кылмыштуулук бөлүмү, “Saferworld” уюму, “Эл аралык толеранттулук үчүн” фонду жана ММКлардын өкүлдөрүнөн камтыган калыс тобу демилгелерди төмөнкү даражаларда баалайт: кампаниянын масштабдуулугу, жаңычылдык, ички иштер органдары менен өнөктөшүү, жаштардын катышуусу, сырттан кошумча каржы каражаттарын тарттыруу, ММК аркылуу эң көп чагылтырылган кампания. Элди коопсуздук курууга мыкты тарткан жана тынчыкты орнотууга чоң салым кошкон иш-чараларга атайын сыйлыктар.

Иш-чарага Ички иштер министрлигинин, Коргоо кеңешинин, эл аралалык жана жарандык коомдук уюмдардын, ММКлардын өкулдөрү, жана белгилүү жылдыздар катышышат. АКШнын элчиси Шейла Гуолтни айым жаңычылдык менен айырмаланган кампанияларга сыйлыктарды тапшырат.

ММК өкулдөрү кошумча маалымат боюнча долбоордун менеджери Стефан Стояновго кайрылса болот: sstoyanov@saferworld.org.uk