Грин карта DV-2019 программасына кайрадан арыз берүү мөөнөтү башталды

Техникалык себептерден улам, 3-октябрда башталган DV-2019 программасына каттоо жабылды. DV-2019 программасына каттоо жаңыдан 2017жылдын 18-октябрында башталат. 2017-жылдын 18-октябрына чейин берилген бардык арыздарды, кайра башынан тапшыруу зарыл. Биз грин карта  программасына катышкан талапкерлерге келтирилен ыңгайсыз абал үчүн кечирим сурайбыз, ошону менен бирге адилеттүүлүктү толугу менен  камсыз кылуу үчүн жана бардык кызыккан талапкерлердин тең укугун сактап калуу максатында, DV-2019 грин карта программасына арыз тапшыруу процессин кайрадан баштайбыз.

DV-2019 грин карта программасынын жаңы каттоо мөөнөтү: 2017-жылдын 18-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталып, 2017-жылдын 22-ноябрында Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө аяктайт.

2017 жылдын 18-октябрына чейин тапшырган арыздар жарабайт, жаңы каттоо мөөнөтү боюнча жаңы арыз тапшыруу керек. Сиздин бир ирет жаңы арыз берүүгө укугуңуз бар. Кайталанган каттоолор жараксыз болуп таанылат.

DV программасына (E-DV) электрондук каттоо боюнча маалыматты грин карта программасынын расмий сайтынан каттоо мөөнөтүнүн ичинде таанышууга болот: dvlottery.state.gov.Онлайн DV программасы боюнча маалымат Мамлекеттик департаменттин коомдук интернет баракчасында да бар: usvisas.state.gov/dv/instructions

Программанын катышуучуларынына болгон бардык башка талаптар өзгөрүүсүз бойдон калат.

2018-жылдын 15-майынан баштап, DV-2019 программасынын катышуучулары dvlottery.state.gov сайтында онлайн текшерүү ыкмасын колдонуп  өздүк номерин киргизүү менен статусун текшере алат (арыз тандалганын же тандалбаганын).Онлайн текшерүү системасы лотереяны утуп алган гана талапкерге (үй-бүлөсү менен) визага тапшыруу жол-жоболору жөнүндө маалымат берет. Маектешүү мезгилин жана убактысын тастыктоо үчүн да департаменттин онлайн текшерүү системасы колдоннулат.

Көп берилүүчү суроолор

Суроо: Техникалык маселе тууралуу эмнени билүүгө болот? Арыз анкеталары жоголдубу? Хакерлер тарабынан системаны кыйратуу аракети болдубу?

Жашаган мамлекетинен туулган мамлекети башка болгон сейрек кездешкен учурларда, арыз тапшыруучуларга катышууга уруксаты бар мамлекетти тандоодо системада  кыйынчылыктар пайда болгон. Бул хакерлер тарабынан системаны бузуу же башка тышкы нерселедин таасиринин же аракетинин натыйжасы болгон эмес.

С: Бул техникалык маселе пайда болгонго чейин канча арыз-анкета тапшырылды эле?

Техникалык көйгөйлөрдөн улам, биз учурда болжолдуу тапшырылган анкеталардын санын эсептей албайбыз. Процесстин үзгүлтүксүздүгүн сактоо жана бардык талапкерлерге адилетүү мүмкүнчүлүктү камсыздоо үчүн, биз каттоо мөөнөтүн азыр кайра башынан жүргүзөбүз.

С: DV -2019 программасына болжол менен канча арыз-анкета алуу күтүлүүдө?

Акыркы маалыматтар DV-2018 программасы тууралуу гана бар, 14 миллиондон ашуун талапкер каттоодон өткөн.

С: Арыз-анкетасы жараксыз деп табылган талапкерлерди департамент кантип маалымдайт?

Грин карта DV-2019 программасына 2017-жылдын 18-октябрына чейин арыз тапшырган талапкерге департамент электрондук маалымат жиберет. Маалымат электрондук дарекке анкетаны толтуруп жатканда көрсөтүлгөн дарек боюнча жиберилет. Жөнөтүлгөн маалыматта dvlottery.state.gov сайтынан кулактандыруу менен таанышыңыз деп айтылат. Жаңы каттоо мөөнөтү жөнүндөгү маалыматты чет өлкөдөгү биздин элчиликтер, консулдук бөлүмдөр жана жергиликтүү массалык мааламаттар каражаттары аркылуу таркатабыз.

С: Бул DV -2019 программасынын жүрүшүндө кечиктирүүгө алып келбейби?

DV-2019 программасынын катышуучулары боюнча жыйынтык 2018-жылдын 15-майында чыгат деп болжолдонгон. Азыркы учурда биз DV-2019 программасынын жүрүшүндө эч кандай кечигүү болбойт деп ойлойбуз.