АКШ Мамлекеттик департаментинин билим берүү жана маданият программалар Бюросунун Маданият мурастарды сактоо боюнча Элчинин фонду (ММСЭФ) 2015-жылкы сынагынын жыйынтыгын жарыялды. Сынакка катышкан 148 долбоорлук сунуштардын ичинен 28 сунуш колдоо тапкан. Кыргыз Республикасындагы АКШнын Элчилиги алардын ичинде XI-XII кылымда курулган Өзгөндөгү Карахани династиянын Мавзолейин консервациялоо долбоору тандалганы тууралуу кубаныч менен кабарлайт.
Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн ММСЭФ 152 миң 910 АКШ доллар бөлүштүрүүдө. Долбоор Аида Алымова жетектеген «Музей инициативалар борборунун» тарабынан АКШ Элчилиги жана Кыргыз Республикасынын маданий министрлиги менен кызматташууда ишке ашырылат. 2015-жылдын сентябрында баштала турган долбоорду тырыхый эстеликтерди жана имараттарды сактоо боюнча тастыктоочу архитектор жана Тарыхый жана көркөм жумуштарды консервациялоо Америкалык институтунун мүчөсү Уильям Ремсен жетектөөдө. Уильям Ремсен Кипр, Египет, Ооганстан жана АКШда археологиялык реставрация жумуштарды жүргүзгөнгө бай тажрыйбага ээ.
Бул долбоор ММСЭФ 2014-жылы колдоо көргөн XI-XII кылымдын «Өзгөндөгү Карахани династиянын Мавзолейин абалын тастыктоо» долбоордун уландысы. Ал долбоордун алкагында америкалык Улуу сактоочу архитектор наамдын ээси Уильям Ремсен изилдөө өткөрүп иштеп чыккан рекомендациялар боюнча «Музей инициативалар борбору» бул уникалдуу архитектуралык эстеликти консервациялоо жумуштарын жүргүзөт.
Маданият мурастарды сактоо боюнча Элчинин фонду өлкөлөрдүн маданий мурастарын сактоого жардам берүү жана башка элдердин маданиятына АКШнын терең кадырлоосунун көрсөтүү максаты менен 2001 жылы түзүлгөн.
Бүгүнкү күнгө чейин ММСЭФ дүйнө боюнча 700дөн ашуун долбоорго колдоо көрсөткөн. Бул долбоорлор төмөндөгүдөй болгон: тарыхый имараттарды реставрациялоого техникалык жардам берүү, музейдик жыйнактарды баалоо жана сактоо, археологиялык мурастарды консервациялоо, жоголууга дуушар болгон элдик кол өнөрчүлүк жумуштарды документациялоо, архивдерди жана манускриптерди сактоого жагдай түзүү, жергиликтүү тилдердеги оозэки чыгармаларды документациялоо.
Кыргыз Республикасында Фонддун мурунку долбоорлору
- 2002 ж.: Жалалабат облусунун Сафид-Булан айылында жайгашкан XI к. тиешелүү Шах-Фазил күмбөзүн реставрациялоо
- 2006 ж.: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тарых музейинин алтын коллекциясынын сактоо жана реставрациялоо.
- 2008 ж: Кыргыз улуттук китепканасынын, Иссык-Көл облустук китепканасынын, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын жана Кыргыз мамлекеттик университетинин китепканаларынын сейрек кездешүүчү китептерин сактоо.
- 2009 ж.: Кыргыз-Славян университетиндеги кабинет-музейинин археологиялык жана этнологиялык жыйнагын сактоо жана элге таанытуу.
- 2014 ж.: Өзгөндөгү XI-XII кылымда курулган Карахани династиянын Мавзолейин реставрациялоонун жана консервациялоонун баасын тастыктоо.