Шиңжандагы негизги укуктарды коргоо тууралуу элчи Келли Керринин билдирүүсү

Женева

2019-жыл 13-март

Бүгүн биз менен бирге болгонуңуздар үчүн рахмат. Кытайдын Шиңжан-Уйгур автономдук районунда орун алып жатканадам укуктарынын кризисине арналган иш чаранын кадырлуу катышуучулары жана меймандарына салам жолдойм. Бул иш чараны, Шиңжандагы оор абал тууралуу эл аралык коомчулуктун кабардарлыгын жогорулатуу  максатында, Америка Кошмо Штаттары, Канада, Германия, Нидерланд жана Улуубритания биргелешип өткөрүүдө.

Кытай бийлиги тарабынан мусулман динин туткан диний азчылык топторунун мүчөлөрүнүн, уйгурлар, этникалык казактар, кыргыздар жана башкалардын массалык түрдө камакка алынышы дүйнө коомчулугунда тынчсызданууну жаратууда. Кытай өз билгениндей, бир миллиондон ашуун адамды Шиңжандагы камак лагерлеринде өтө начар абалда күзөт алдында кармоодо. Ишенимдүү кабарларга ылайык,  туткундар кыйноо, мажбурлап иштетүү жана өлүмкоркунучуна дуушар болууда. Кытай бийлиги, ал жерде кесиптик-техникалык окуу жайлары гана бар, жана ал жайларда адамдар өз эрки менен калууда деп дүйнөнү ишендирүүгө аракет жасоодо. Бүгүнкү талкуу ал жайларда адамдар эркине каршы, дини жана улутуна гана байланыштуу кармалып турганы чындык экенин  айгинелеп  өз көзү менен көрүп айтып бергендердинмаалыматтарына,  жана документалдык далилдерге,анын ичинде спутниктен тартылган сүрөттөргө назар салат.

Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн мусулман диний азчылык топторун алардын дини жана/же улутуна байланыштуу куугунтукка алып келгени  жаңылык  эмес.  Мусулмандардан тышкары кытай бийликтеринин басмырлоосу алдында көптөгөн убактыттан бери тибеттиктер, христиандар, “Фалуньгун” агымыннынжактоочулары жана башка этникалык топтор менен диний азчылыктар көптөн бери азап чегүүдө. Бирок, жаңылык болгон жери, Кытай өкмөтүнүн бул басмырлоорлордун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында технологиялар тармагындагы эң алдыңкы жетишкендиктерди колдонуп жатканында. Шиңжандагы жаңы, 2016-2017-жылдары башталган, чаралардын алкагында, кытайлык мамлекеттик кызматкерлер, мусулман динин туткан азчылыктарды аныктап көзөмөлдөө үчүн жаңы заманбап технологияларды, анын ичинде өз билемдик менен колдонулган байкоо жүргүзүү технологиясын жана  ДНК үлгүлөрүн мажбурлап алууну колдонуп баштаган.

Кытай бийликтери, ошондой эле, Маданий революция учурунда жаралган, төмөн технологиялык ыкмаларды да колдонуп келет. Алар мамлекеттик кызматкерлерди уйгурлардын үйлөрүнө бул үй-бүлөлөрдүн ислам салттарын карманбашына көз салуу үчүн жайгаштырышат. Кытай Эл Республикасынын бийлиги мусулман азчылыктарынын өкүлдөрүн чет жерден Кытайга кайтып келүүгө мажбурлап, эгерде баш ийбесе, алардын үй-бүлөлөрүн жапырт жазага тартышат. Сасаясий билим берүү лагерлерден сырткары жайылып, ошондой эле диний, маданий жана ишмер лидерлерге карата да басым күчөтүлүүдө.

Мындай саясатты жургүзүп жатып, өкмөттүн чиновниктери Жалпы адам укуктары боюнча декларацияда бекитилген негизги эркиндиктерди күн сайын бузуп келишет. Себепсиз, сотко тартылбай, айып тагылбастан үй-бүлөлөрү менен көрүшүү укугунан ажыратылып камакка алуулар бир нече айдан бир нече жылга чейин созулушу мүмкүн. Лагерлерде болуп аман чыгып келгендер, камактагылар өз улуттук таандыгынан, диний ишенимдеринен, ошондой эле, маданий жана диний салттарын тутуудан баш тартууга  мажбурланууда деп билдиришет. Лагерлердин сыртында Шиңжан уйгурлар жана башка мусулман тургундар үчүн ачык асман алдыдагы түрмө катары сыпатталат. Алар тынымсыз кармоолорго жана тинтүүлөргө дуушар болуп, өз диний салттарын тынч эркин тутуп эне тилдеринде сүйлөй алышпайт жана ар дайым, акыркы эки жыл аралыгында саны кескин өсүп кеткен полициянын көзөмөлүндө болуп келүүдө. Мындай жагдай, адам укуктары жана негизги эркиндиктерге, анын ичинде дин жана ишенимдерди тутуу эркиндигине карама каршы келүүдө.

Шиңжандагы кырдаал тууралуу курулай калптарды жана жалган маалыматты таратуу үчүн Кытай өкмөтүболгон аракетин кылып келет. Бул жалган маалымат, максат калкты “кытайлаштыруу” жана ислам жана башка диндердин үстүнөн партиянын көзөмөлүн күчөтүүнүн түркүн жолдору табууда экенин мойнуна алган, өкмөттүн өзүнүн иш кагаздарына карама-каршы келет. Бийлик өз аракеттерин терроризм жана зөөкүр экстремизмди алдын алуу деген шылтоолор менен актоого чара көрүп келүүдө.  Чындыгында, Кытайдын диний жана этникалык өз тааным түшүнүгүн терроризм жана “экстремизм” менен аралаштырып келгени, тескерисинче  бийлик өзүжар салып каршы күрөшкөн, кастык сезимдер менен зөөкүрлүктү,  радикалдашууну тутандырыпкелет.

Бүгүн Америка Кошмо Штаттары Кытайды БУУнун Дин эркиндиктер жана ишенимдер боюнча атайы билдирүүчүсүн 2019-жылдын март айындагы Шиңжанга барып келүүсү тууралуу, жана ушундай эле өтүнүчтөр менен кайрылган башка ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн суранычтарын оңунан чечип берүүгө чакырат. Мындан тышкары, биз Кытайды терроризмди карапайым диний жана этникалык салттарын кармануу менен аралаштырган майнапсыз саясатынан баш тартып, негизсиз камакка алынган адамдарды бошотуп, мусулман азчылыктарын күчкө салып басмырлоону токтотуп, чет жерде жүргөндөрдү келечеги белгисиз бойдон Кытайга мажбурлап кайтарып келүүнү токтотууга чакырабыз.

Кошмо Штаттары адам укутарын бузууга жана басмырлоого жоопкер адамдарды, анын ичинде Шиңжандын мамлекеттик кызматкерлерине каршы түздөн-түз чара көрүү маселесин чечүү аркылуу, жоопко тартууга көмөктөшүү аракеттерин уланта берет.

Кошмо Штаттары бардык мамлекеттерди аларга Шиңжандан башпаанек издеп келгендерди, эл аралык укук жана чыгарып салбоо принцибинин негизинде, Кытайга кайтарып жөнөтпөөгө  чакырат.

Бүгүн биз Шиңжандагы жагдайды көрсөткөн сүрөттөргө көз салып адистердин билдирүүлөрүнө кулак төшөйбүз. Эми мага кириш сөздөрү менен кайрыла турган биздин талкуунун кадырлуу катышуучуларын тааныштырууга уруксат бериңиздер, алар: өзүнүн башынан өткөн жеке тажрыйбасын ортого салууга даяр, Шиңжандагы лагерде камакта отуруп чыккан Омир Бекали; адам укуктары тармагындагы уланып жаткан көйгөйлөрдүн тереңдигин жана көлөмүн түшүнүп билүүдө жаңылык жараткан изилдөөлөрү менен белгилүү профессор Адриан Зенц; динин же ишекнимдерин тутуугааракет кылгандардын барына колдоо көрсөтүүгө умтулуп келген БУУнун дин тутуу жана ишенимдер эркиндиги боюнча атайы билдирүүчүсү Ахмед Шахид; жана аталган көйгөйгө жалпынын көңүлүн буруу аракетин көрүп келген Human Rights Watch укук коргоо уюмунун өкүлү Джон Фишер. Биз ошондой эле, иш чарага өнөктөш өкмөттөрдүн өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүн укмакчыбыз.