Flag

An official website of the United States government

Англис тили программалардын аймактык кеңсеси (RELO)
Тарабынан
9 МИНУТ ОКУЛДУ

АКШ Мамлекеттик департаментинин чет өлкөлөрдө англис тилин окутуу боюнча программаларды колдоого багытталган атайын кеңселери бар.  Бир нече башка мамлекеттик кеңселер англис тилин окутууга байланышкан алмашуу, кесипкөй адистерди даярдоо, стипендиялык программаларын каржылайт жана жетектейт. АКШ өкмөтү 45 жылдан ашуун убакыттан бери диссертация программаларына колдоо көрсөтөт.

Англис тили боюнча борбор азиялык аймактык кеңсеси мугалимдердин конференциялары менен семинарларын уюштурат жана аларды даярдоого катышат, муктаждыктарга анализ жасайт жана адистик кеп-кеңештерди сунуштайт, мугалимдердин ассоциацияларына жана кабыл алган өлкөлөрдүн жооптуу кызматкерлерине консультация өткөрөт. Англис тили программалардын аймактык кеңсеси мамлекеттик жана жеке менчик тараптар менен иш алып барат.

Тарабынан

Англис тили стипендиаттары

Англис тилинин стипендианттары АКШнын башка тилдерде сүйлөгөндөргө англис тилин окутуу (TESOL) багытындагы окутуучулары. Алар  дуйнө жүзүндөгү окуу жайларда 10 айлык стипендиялуу курс өтүшөт. Мисалы Англис тили стипендианттары  долбооруна төмөнкүлөр кирет: окутуу, мугалимдерди окутуу, учурда иштеп жаткан жана иштеп баштай электерди окутуу, окуу программаларын иштеп чыгуу, семинарлар жана семинарларды иштеп чыгуу, жыйынтыктарды бүтүмдөө программалары, муктаждыктарды баалоо, тестирлөө жана англис тили атайын максаттар үчүн (English for Specific Purposes – ESP).

 

Тарабынан

Англис тилинин адиси программасы

Англис тилинин адиси программасынын алкагында америкалык англис тилин окутуучулар Кыргыз Республикасына келип эки-үч жуманын ичинде тиешелүү темалар менен маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышат. Мисалы, англис тили атайын максаттар үчүн, тилди компьютердин жардамы менен окуу жана башка альтернативдүү экспертизаларды жүргүзөт. Адистер конференцияларда негизги маселелерди көтөрүп чыгышат, англис тилчилердин чөйрөсүнө семинар жана консультацияларды өткөрүшөт. Биз англис тили боюнча адистерден билдирүү арыздарын жыл бою кабыл алабыз.

Тарабынан

Access English Микростипендиялар Программасы

Access англис тилин окутуунун чакан стипендиялык программасы (Access прогаммасы) – бул АКШнын Мамлекеттик департаменти жана АКШ элчиликтери тарабынан каржыланган, окуучуларга багытталган, эки жылдык окутуу программасы. Ал Кыргыз Республикасында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, негизинен 13-17 жаштагы, класстан тышкаркы сабактар, практикалык иш-чаралар аркылуу англис тилин үйрөтөт. Access программасы катышуучуларга англис тилинин негиздерин, лидерлик жана кесиптик көндүмдөрдү үйрөтүү менен бирге АКШнын маданияты жана демократиялык баалуулуктары менен тааныштырат. Бул жөндөмдөр келечекте жакшыраак жумуш табууга, билим алууга, жана Кошмо Штаттардагы алмашуу программаларына катышууга жана билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Access программасы окуучуларды топтордо жана жеке иштөө, окуу ыкмалары, жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташталган жана кызыкчылыктарына жараша иш-чараларды тажрыйбада колдонуу аркылуу алардын англис тилинде баарлашуу жана сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрөт. Программанын негизги болгон тажрыйбада үйрөнүү компоненти окуучулардын өз коомунун көйгөйлөру боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана аларга жарандык коомго кандай салым кошо аларын түшүнүүгө жардам берет.

Глобалдык Access программасы 2004-жылы түзүлгөндөн бери 80ден ашуун өлкөдөгү 200 000ден ашык окуучуларга стипендия берип келген. Ал эми Кыргыз Республикасында Access программасы өлкөнүн жети аймагындагы аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн балдарына англис тилин үйрөтөт. Программа бир нече жергиликтүү өнөктөш бейөкмөт уюмдар жана университеттер тарабынан ишке ашырылат. Access программасы 2007-жылдан бери Кыргызстандагы 4000ге жакын окуучуларга англис тилин үйрөтүп келди.

Тарабынан

Китеп Которуу Программасы

Китеп которуу программасы америкалык китептерди кыргыз тилине которуп, кыргыз окурмандарына, өзгөчө айыл жаштарына жеткирүү аркылуу кыргыз тилинин өнүгуүсүнө колдоо көрсөтөт. Программа 2008-жылы ишке киргенден бери 60тан ашык китеп кыргыз тилине которулду. Бүгүнкү күндө, программа илим, технология, инженерия, искусство жана математика (STEAM) жана инклюзивдүүлүк тармагындагы китептерди, анын ичинде акыркы изилдөөлөрдү, талдоолорду жана америкалык авторлордун белгилүү заманбап адабияттарын которууга басым жасайт. Долбоор бир нече жергиликтүү бейөкмөт уюмдар тарабынан ишке ашырылып келет.

Программанын негизги аудиториясы – бул 13 жаштан 20 жашка чейинки кыргыз тилдүү жаштар, анын ичинде эл аралык басылмалардын кыргызча котормосунун жоктугунан маалыматка жана ар түрдүү көз караштарга жетүү мүмкүнчүлүгү чектелген же аз камсыз болгон топтор. Бул программанын экинчи аудиториясы – ошол жаштар менен иштеген мугалимдер жана китепканачылар болуп эсептелет.

Тарабынан

E-мугалим стипендиялык программасы

E-мугалим стипендиялык программасы Кошмо Штаттан тышкары жашаган кесипкөй англис тилин окутуучуларга Мэриленд штатындагы Балтимор округунун Университетинин жана Орегон штатынын университетинин бүтүрүүчү класстарынын жети инновациялык, онлайн сабактарына катышууга мумкүнчүлүк түзөт. Бул курстарда Англис тилин чет тил катары окутуунун академиялык адистигинин негизги багыттарын өтүшөт.

https://americanenglish.state.gov/

Тарабынан

Америкалык англис тили боюнча вебинарлар

Вебинарлар англис тилинде ар кыл темада өтүүчү 60 минуттук веб семинар болуп саналат, ал АКШ адистери окутуу методикасы, тил үйрөнүү ыкмалары багытында даярдаган ар кыл темадагы окуулар болуп эсептелет. Вебинарда көрмө презентациялар, видеолор менен талкуулар болот жана курстар 6 вебинардан турган топторго бөлүнүп, ар шаршемби сайын өтүп турат. Алты Вебинардын кеминде төртөөнө катышкандар электрондук күбөлүк алышат дагы интернет форум жана Ning (Нинг) расмий сайты аркылуу бүт дүйнөнүн мугалимдери менен кызматташууга мүмкүнчүлүк алышат. http://americanenglishwebinars.com