Бүгүнкү виртуалдык жолугушууда элчи Лу Тышкы иштер министри Казакбаев менен жолугуп, саясий жана экономикалык кызматташтык маселлерди талкуулады. Элчи Лу эки тараптуу кызматташтык келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн белгиледи, жана эки тарап тең калган маселелерди тез арада чечүүгө үмүттөнөөрүн билдирди билдиришти. Ошондой эле, уюшкан кылмыштуу топттордун ири ишмерлерин иликтөөдө жана жоопко тартууда АКШнын укук коргоо органдарынын көмөгүн сунуштап, жана эл аралык кылмыш түзүмдөрүн үзгүлтүккө учуратууда жана кыйратууда АКШнын колдоосун сунуш кылды. Элчи Лу Америка Кошмо Штаттары сунушталган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча коомдук кеңири талкууга убакыт берүү сунуштарын кубаттай тургандыгын кайталады жана Кыргызстандын сунушталган өзгөртүүлөрдү Венеция комиссиясына комментарий үчүн жөнөтүү чечимин кубаттады.