Президент Байдендин БУУнун Башкы Ассамблеясындагы C5+1 лидерлери менен жолугушуусу тууралуу баяндама
19-сентябрь, 2023-жыл
РАСМИЙ ЭМЕС КОТОРМО
Президент Байдендин БУУнун Башкы Ассамблеясындагы C5+1 лидерлери менен жолугушуусу тууралуу баяндама
Президент Джозеф Р. Байден бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын алкагында Казакстандын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттери менен С5+1 форматындагы алгачкы президенттердин саммиттинде жолугушту. Лидерлер коопсуздук, соода жана инвестиция, аймактык байланыш, бардык мамлекеттердин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн урматтоо зарылчылыгы, мамлекеттик башкарууну жана мыйзам үстөмдүгүн өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформаларды камтыган бир катар маселелерди талкуулашты.
Президент Байден биздин мамлекеттер Борбор Азия мамлекеттеринин эгемендүүлүгүн, туруктуулугун жана гүлдөп-өнүгүшүн мындан ары чыңдоо жана ошондой эле С5+1 өнөктөштүгү аркылуу адам укуктарын илгерилетүү үчүн биргелешип иштешүү мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу кесиптештеринин пикирин кубаттады.
Президент Байден кесиптештерине аймактык коопсуздук маселелери боюнча өнөктөштүгү үчүн ыраазычылык билдирди жана чек ара коопсуздугу, терроризмге каршы күрөш жана укук коргоо маселелери боюнча кызматташууну улантарын ырастады. Америка Кошмо Штаттары C5+1 дипломатиялык платформасын толуктай турган жеке сектордун бизнес-платформасын түзүү аркылуу АКШнын соодасы жана жеке сектордун инвестициясы үчүн жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүүнүн маанисин талкуулады жана USAID октябрда C5+1 министрлеринин инклюзивдик, туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кыла турган конкреттүү иш-аракеттерди талкуулоо үчүн Борбор Азиядагы Регионалдык байланыштар боюнча конференцияны уюштураарын белгиледи.
Президент Байден биздин өлкөлөр келечектеги энергетикалык ландшафтты колдоого ала турган туруктуу, коопсуз камсыздоо чынжырына ээ болуу үчүн кызматташуусу керектигин түшүнгөндүктөн, Америка Кошмо Штаттары Борбор Азиянын эбегейсиз кен байлыктарын өнүктүрүү жана маанилүү кендердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн C5+1 маанилүү минералдар боюнча диалогду баштоону сунуштады.
Бул аракеттер аймактык экономикалык интеграцияны жана туруктуулукту жеңилдетүүгө жардам бере турган Глобалдык инфраструктура жана инвестиция боюнча өнөктөштүк аркылуу Транскаспий соода жолун («Орто коридор» деп аталган) инвестиция тартууга жана өнүктүрүүгө АКШнын туруктуу колдоосунун бир бөлүгү.
Акырында, президент Байден жарандык коомду жана айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча иш-аракеттерди үзгүлтүксүз колдоону жактап, бардык секторлордо майыптардын укуктарын жайылтууга жаңы C5+1 багытын кубаттады.
###