Акысыз мобилдик тиркеме балдарды кыргыз тилинде окууга тартат

28-январда, Америка Кошмо Штаттары USAID аркылуу көрсөткөн колдоосу менен Ага Хан Фонду «Ойноп китеп окуйбуз 2» аттуу 15 жаңы интерактивдүү китептерди камтыган кыргыз тилиндеги мобилдик тиркемени тартуулады. Бул акысыз мобилдик тиркеменин жардамы менен балдар китеп окуп, кызыктуу көнүгүүлөрдү аткарып, окулган китепти түшүнүү жөндөмдүүлүгүн арттырат. Интерактивдүү оюндар балдарды көп окууга үгүттөйт, ал эми текшерүү суроолору болсо түшүнүү жана критикалык ойлонуу жөндөмдүүлүгүн кеңейтет. Алты китеп орус жана англис тилдеринде да сунушталган.

Ата-энелер «Ойноп китеп окуйбуз 2» тиркемесин Google Play-ден таап, Android-дин негизинде иштеген каалаган аспапка көчүрүп алса болот. Ошондой эле тиркемени www.akfgame.kg баракчасынан көчүрүп, жеке компьютерге орнотуп алса да болот.

«Билим берүү адистери белгилегендей, балдардын мектепке барганда ийгилигин арттыруу үчүн кичинекей балдарыбыз менен китеп окуу өтө зарыл. Өкүнүчтүүсү – сапаттуу китептер негизи абдан кымбат келет же айыл жергесинде табуу абдан оор» – дейт Гульжан Толбаева, USAIDдин билим берүү бөлүмүнүн адиси. «Ата-энелерге сапаттуу китептерди алууга мүмкүнчүлүк түзүү абдан маанилүү, бул USAIDдин жана Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп окуучулары арасында окууга кызыгуусун арттыруу сыяктуу жалпы максаттарынын ишке ашуусуна көмөк көрсөтөт».

«Ойноп китеп окуйбуз 2» – бул 2015-жылы жарык көргөн «Ойноп китеп окуйбуз» тиркемесинин жакшыртылган версиясы. Анда китептердин саны да, функциялары да көбүрөөк. Андан тышкары, бул тиркемеге жаңы нерселерди кошууга мүмкүнчүлүк бар.

«Ойноп китеп окуйбуз» – бул балдардын окуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган кыргыз тилиндеги биринчи мобилдик тиркеме болуп эсептелет. Мен бул тиркеме жаш балдар арасында окуу маданиятын жайылтууга абдан жардам берет деп үмүттөнөм», – дейт Бурулай Айткулова, Ага Хан Фондунун окутуу программалары боюнча адиси.

Бул мобилдик тиркемени иштеп чыгуу – АКШ менен Кыргыз Республикасынын баштапкы билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жаатында кызматташтыктын бир чети болуп эсептелет. Андан тышкары, USAID абдан популярдуу болгон «Баластан» каналынын жаш балдардын «Бирге окуйбуз» аттуу телепрограммасынын 26 чыгарылышын жаратууга колдоо көрсөттү.

USAID дин «Бирге окуйбуз» долбоору – баштапкы класстын окуучуларынын окуу жана критикалык ойлонуу жөндөмдүүлүгүн мугалимдер жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен биргеликте жогорулатууга багытталган төрт жылдык демилге. Бул программа АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу ишке ашырылып келген көп долбоорлорунун бири. АКШнын Кыргыз Республикасындагы программалары тууралуу толугураак малыматты http://usaid.gov/kyrgyz-republic сайтынан окуй аласыз.