Дүнүйөнү жакшыртуу үчүн дүнүйөнү түшүнүү: Толеранттуулукту баарлашуу жана көмөктөшүү аркылуу жогорулатуу

16 өлкөдөн 17 улуттан 100дөн ашуун жаш лидерлер июлдун 13-17 чейин Бишкекте  “Дүнүйөнү жакшыртуу үчүн дүнүйөнү түшүнүү” (BUBW) аттуу лидерликти, диндер жана маданияттар аралык толеранттуулукту жогорулатуучу конференцияда чогулушту. Катышуучулар чогуу өзүлөрүнүн коомчулуктарында жана дүнүйө жүзүндө иштиктүү баарлашуунун, конфликттерди чечүүнүн жана тынчтыкты куруунун жолдорун табуунун үстүндө иштешет.

Конференция Америка Кошмо Штаттары тарабынан каржыланып, Америкалык  “Цивилизациялардын алмашы жана кызматташуу фонду” (CECF) бейөкмөт уюму жана Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен чогуу өткөрүлүп жатат.

Конференцияда боло турган иш чаралардын бири болуп ар түрлүү салттардын сыйынуучу жерлерине баруу. Бул иш чара ар түрдүүлүктү жана толеранттуулукту түшүнүү жана ар диндердин лидерлери менен баарлашуу аркылуу өтөт.  Конференциянын бул бөлүгү жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, элчи Шейла Гуолтни, Кыргыз Мамлекеттик Дин Иштери боюнча Комиссиясынын мүдүрү Орозбек Молдалиев жана сириялык – америкалык Имам Мухаммад Башар Арафаттын катышуусу менен өтөт.

Имам Мухамад Башар Арафат фонддун негиздөөчүсү. Бул фонд кол чатыр сыяктуу алмашуу программалары  тынчтыкка жана кызматташуука үндөгөн, дүйнөнү жакшыртуу форматында адамдарды бири бирине жакындатуу функциясын аткарат.

Азыркы учурда “Цивилизациялардын алмашы жана кызматташуу фонду” АКШ Мамлекеттик департаменти демөөрлөгөн эл аралык алмашуу программаларынын студенттерин диний жана маданий үйрөтүү, консультация жана ориентация кызматтары менен камсыздайт. 2006-жылдан бери фонд дүйнөнүн  ар тарабындагы ар кандай диний салттардан жана маданияттардан болгон студенттер менен биргеликте  өз ара аракеттер жана көп маданияттуу баарлашуу аркылуу «башкалардан» коркуунун чек араларын бузууну максаттаган. АКШ Мамлекеттик департаменти менен биргеликте, Имам Арафат АКШда жыл сайын ушул сыяктуу үч конференциясын өткөрөт. 68 өлкөнүн жаштары бул беш күндүк конференцияга катышып  маданиятсыздык тоскооолдуктарга жол бербөөгө жана катышуучуларды жалпы адамзатты сыйлоого чакырат.