Премьер министр USAIDдин өнөктөштөрүнүн бири – Нарындагы сүт иштетүү заводу менен танышып чыкты

Премьер Министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын областына  болгон иш сапары учурунда, Кочкордогу Май Булак сүт иштетүүчү ишкананын, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агентигинин колдоосу менен ишке ашып жаткан кеңейүүсү менен танышып  чыкты. Болот Акматов жана Жеңишгүл Акматовалардын жетектеген ишкана Май Булак аталышында сырдын төрт түрүн чыгарат.

Премьер министр Май Булактын өнүмдөрү менен таанышып чыгып, USAIDдин колдоосу менен ишке ашып жаткан ишкананы кеңейтүү иштери тууралуу маалымат алды. USAID ишканага текшерүүдөн өтүп өнүмдөрүнүн эл аралык азык-түлүк коопсуздук талаптарына туура келүүсүн камсыздоого жардам берип, заводдун өнүмдөрүн ортомчуларсыз Казакстанга экспорттоого көмөктөшкөн. USAIDдин жергиликтүү фермерлерге сүт көндүрүүдө көрсөткөн колдоосу да Нарын областынын экономикасынын өсүшүнө салымын кошкон.

Ишкерлер USAID колдоосу менен сатылып алынган жаңы жабдыктарды орнотууну көздөөдө. Ал жабдыктар заводдун жыл сайын өндүргөн азыктарынын көлөмүн азыркы 300дөн 1000 тоннага чейин үч эсе жогорулатууга мүмкүндүк берет. Демек, жергиликтүү фермерлерден көбүрөөр сүт сатып алууга да негиз түзөт.

Премьер министр Мухаммедкалый Абулгазиев жана Акматовдор ушундай ишкананы кеңейтүүдө ишкерлер беттешкен маселелерди талкуулашты.  USAID гранттык каражатттарды камсыздайт, бирок алардын жеке тармактагы өнөктөштөргө киреше алып келүү мүмкүнчүлүгү маанилүү жагдай бойдон калууда.

Аймактардын экономикалык өсүүсүнө болгон мындай ыкма USAID Агро горизонт долбоору тарабынан ишке ашырылып келет. Анда негизги көңүл өндүрүштүн өсүүсүнө, сатуулардын жогорулашына, жана Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында жаңы жумуш орундарынын пайда болушуна бөлүнөт.

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы