Грин-кард лотереясындагы алдамчылыкты алдын алуу

U.S. Tourist Attractions
Aerial view of Midtown Manhattan to Lower Manhattan, New York City Photo credit: Anthony Quintano via Wikimedia Commons, Public Domain en.wikipedia.org/wiki/Manhattan#/media/File:Above_Gotham.jpg

Азыркы учурда Кыргыз Республикасында көптөгөн вебсайттар грин-кард лотереясы боюнча  электрондук анкеталарын тапшырууга жардам көрсөтүү жарнамаларын сунуштоодо.  Айрым ортомчулар, визалык агенттер же кеңешчилер өздөрүнүн кызматтарын мыйзамдуу деп көрсөтүп келишет. Мындай бизнес же кызматтар сунушталганы менен, алар АКШ Элчилигинин же грин-кард лотереясынын өкүлдөрү болуп эсептелбейт. Грин-кард лотереясына анкета тапшыруу аябай жөнөкөй жана ал үчүн акы алынбайт.

Айрым абийирсиз ортомчулар, грин-кард лотереясынын катышуучуларына жардам көрсөткөн соң, алардын анкеталарынан керектүү маалыматты сактап калып, андан соң лотереянын катышуучуларынан ири суммада акча талап кылып келишкен. Кээ бир ортомчулар, грин-кард лотереясын утуп алгандыгы жөнүндө маалымат үчүн, айрымдарды мыйзамсыз кадамдарга мажбурлашат. Эгерде грин-кард лотереясына анкета ортомчулар аркылуу тапшырылса, анда анкета толтурулган соң анын уникалдуу номерин жана тастыктоочу маалыматын ар бир катышуучу өзүндө гана сактап калуусу зарыл.

Грин-кард лотереясына тапшырууга эч кандай ортомчулардын кереги жок, эгерде катышуучунун жеке маалыматы анкетасында туура эмес көрсөтүлгөн болсо, ал адам лотереяга катышуудан четтетилет, жана бул жагдай иммиграциялык визаны алууда тоскоолдук жаратат. Лотереянын ар бир катышуучусу өзүнүн анкетасындагы маалыматтын чындыгы жана толуктугу үчүн өзү гана жоопту болуп эсептелет.

Грин-кард лотереясына катышуу үчүн ашык чыгым болбой ортомчулардын кызматын колдонбоого чакырабыз. Тиешелүү анкетаны тапшыруу тартиби жөнүндө маалымат үчүн Мамлекеттик Департаменттин вебсайтына баш багыңыз: https://travel.state.gov/content/travel/en/us-visas/immigrate/diversity-visa-program-entry.html

Грин-кард лотереясына анкетаны ким толтурбасын, бардык анкеталар Мамлекеттик Департаменттин расмий вебсайты аркылуу гана кабыл алынат жана лотереяга катышуу үчүн акча алынбайт.

Ар улуттагы иммигранттар үчүн багытталган жана кокустук жолу менен тандап алуучу визалык программа жылына 55, 000 иммиграциялык визаларын берет. Бул долбоор АКШ Конгреси аркылуу бекитилген жана АКШга иммиграциясы төмөн болгон жана тиешелүү талаптарга жооп берген чет мамлекеттердин жарандарына арналган.

Эгерде грин-кард лотереясына (DV2020) катышууга кызыкдар болсоңуз, анда биздин вебсайт же социалдык тармактар аркылуу лотереянын башталышы жөнүндө билдирүүлөргө көз салып туруңуз.

Эрежелерге ылайык, бир каттоонун мөөнөтүндө лотереянын катышуучусу бир гана анкета тапшырууга укуктуу. Бирден ашык анкета тапшыргандар лотереяга катышуудан четтетилет. Анкетанын электрондук сүрөтүнө болгон талаптар: анкета толтурулган күнгө карата сүрөт 6 айдан ашуун эски болбошу керек.

Өткөн жылдын лотереясына колдонулган сүрөтү бар анкеталар лотереяга катышуудан четтетилет.

АКШ элчилигинин Консулунун бул маселеге арналган видео кайрылуусун төмөндөгү Facebook жана YouTube тармагынан көрүүгө болот: https://goo.gl/FoWFRg  https://youtu.be/0cTEgLN2b6M