Flag

An official website of the United States government

Кыргыз Республикасынын бейөкмөт уюмдар тууралуу жаңы мыйзамы боюнча билдирүү
Тарабынан
4 МИНУТ ОКУЛДУ
July 9, 2021

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөзкатчысы Нед Прайс

8-июль, 2021

Америка Кошмо Штаттары жакында Кыргыз Республикасынын бейөкмөт уюмдарга (БӨУ) каржылык жана программалык отчеттуулукту камсыз кылуу боюнча оор талаптарын койгон мыйзамды кабыл алганына байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирет. Жаңы талаптар бейөкмөт уюмдардын жарандардын жашоосун жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө коркунуч келтирип, өкмөттүн COVID-19 пандемиясынакаршы аракеттенүүсүнө көмөктөшүү боюнча өкмөттүк эмес уюмдардын иш-аракеттерине тоскоолдук жаратат. Окшош мыйзамдар башка өлкөлөрдө туура эмес колдонулуп, өкмөттү жана саясий ишмерлерди сындаган уюмдарды бутага алган, жана бул өз пикирин билдирүү эркиндигине шек келтирет. Биз өлкө жетекчилигин мыйзамды жана анын кыргыз демократиясынын пай дубалы болгон жарандык коомуна тийгизген таасирин кайра карап чыгууга чакырабыз. Эгемендүүлүккө жеткенден бери 30 жылдай мурун түптөлгөн Кыргыз Республикасындагы күчтүү плюрализм жана биримдиктердин эркиндиги салтын коргоо жана бекемдөө зарыл.

Түпнуска булакка шилтеме: https://www.state.gov/kyrgyz-republics-new-law-directed-at-ngos/