Бүгүн, 15-августта, Ош жана Жалал-абад облустарына иш сапарынын алкагында, президент Сооронбай Жээнбеков Өзгөндөгү тамак-аш майын өндүрүүчү жана сарымсакты кайра иштетүүчү жаңы ишкананы кыдырды. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) менен «ЭлДан Аталык» ЖЧК ортосундагы биргелешкен инвестициянын негизинде түптөлгөн жаңы ишкана 73 туруктуу жумуш орун түзөт жана жергиликтүү май өсүмдүктөрүн ири көлөмдө сатып алат. «ЭлДан Аталык» бул жылы жергиликтүү фермерлерден 4200 тонна сафлор, соя жана рапс сатып алууну пландаштырууда.
Бул биргелешкен долбоор USAIDдин Кыргызстандын айыл-чарбасынын өнүгүүсүнө кошкон эң ири салымынын бири болуп эсептелет. USAID жалпы чыгымдын 20% көтөрүп, тамак-аш майын өндүрүүчү жана бөтөлкөгө май куюуучу линияны жана сарымсакты тазалап, сорттоп жана таңгактоочу жабдууларды орнотууга 620 миң АКШ долларын инвестиция жасады.
«ЭлДан Аталык» заводду чийки зат менен камсыздап туруу максатында сафлор, күнкарама, соя жана рапс сыяктуу май өсүмдүктөрүн өстүргөн 2 миңден ашык жергиликтүү фермер менен кызматташат. USAID менен «ЭлДан Аталык» фермерлердин жогорку сапаттуу продукцияны өндүрүүсүнө көмөк катары уруктарды, айыл-чарба техникасынын кызматтарын жана практикалык кеңештерди алууда колдоо көрсөтүшүүдө.
Кыргызстандын өндүрүштүк кубатын күчөтүүнүн эсебинен, аталган ишкана импорттолгон тамак-аш майынын жалпы көлөмүнүн 10% жабууга мүмкүнчүлүгү бар. Азыркы учурда өлкөдө керектелген тамак-аш майынын болжол менен 60% импорттолуп келет.
Жаңы завод USAIDдин Агрогоризонт долбоорунун алкагында Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарында жергиликтүү жеке ишканалар менен биргеликте ишке ашырып аткан 50 долбоордун бири болду. USAID бул долбоорлорду ири ишканалардын күчү менен региондорду өнүктүрүү боюнча ыкманын үлгүсү катары сунштоодо. Бул кирешелүү жана жаыйлтууга мүмкүн болгон ыкмалар. Ушундай өнөктөштүктөр Кыргызстандын жеке секторунан экономикага 30 млн долларлык инвестиция болушуна шарт түздү.