АКШнын белгилүү бий жылдыздары “IndepenDANCE: Кызыл, ак жана көк” бий таймашында калыстык кылышат

29-июнь (Бишкек) – Америка Кошмо Штаттарынын 243- Эгемендүүлүк күнүн белгилөө максатында АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги Джон Остин (Поппин Джон), Маркиз Скотт (Маркиз “НонСтоп” Скотт), Джейкоб Лионс (Джейкоб “Кужо” Лионс) аттуу поп бийчилерди “IndepenDANCE – Кызыл, ак жана көк” бий таймашын сыноого чакырды.

 

Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилиги инклюзивдүүлүктү, толеранттуулукту жана мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укугун коргоону көздөп, Кыргыз бийчиси Жан Воинов менен биргеликте “IndepenDANCE” бий таймашын уюштурууда. Бул таймаштын алкагында Жан Воинов 7 жаштан 30 жашка чейинки Борбор Азия бийчилерине колдоо көрсөтүүдө. IndepenDANCE – бул жаштарга арналган, бий өнөрүн жана таланттарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген ачык аянтча.

АКШда июль айы эгемендүүлүк күнүнөн башка дагы бир тарыхый учурду камтыйт: 1990-жылдын 26-июлунда Мүмкүнчүлүгү чектелген америкалык тууралуу мыйзам кабыл алынган.  Бул мыйзам физикалык жана интеллектуалдык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга бир катар укуктарды жана көз карандысыздыкты камсыздаган.

Бул даталарга арналган бир катар салтанаттуу ишчараларынын бири –  26-июнь, шаршемби күнү Асанбай борборунда өтө турган мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарга арналган бий семинары. Семинарды америкалык бийчилер, “Тумар” бий тобу жана Жан Воиновдун студиясы АКШ элчилигинин “English Access Microscholarship” программасынын окуучулары жана бүтүрүүчүлөрү менен биргеликте өткөрүлөт. Кирүү акысыз.

АКШдан келген жана жергиликтүү бийчилерден турган калыстар тобу бий таймашка катышкан 300 бийчинин ичинен 60шын тандайт. Тандалган бийчилер 27-июнь саат 10:00дөн 16:00гө чейин “Мария” бий студиясында; саат 16:00дөн 21:00гө чейин Азия Моллдо поппинг, хип хоп, брейкданс, бест шоу, ж.б. категорияларда өтө турган финалдык сынагына катышышат. Кирүү акысыз.

АКШ бийчилери жана сынчылары бардык Бишкек тургундары үчүн 28-июнь күнү саат 10:00дөн 14:30га чейин Азия Молл соода борборунда поппинг, хип хоп жана брейкданс боюнча мастер класс көрсөтмөкчү. “IndepenDANCE” бий таймашынын финалы 28-июнь күнү кечинде орун алат. Финалга кирүү чакыруу билет менен.

Омур таржымалдар (Биография)

Джон Остин (Поппинг Джон) 21 жылдан ашык тажрыйбасы бар, жогорку денгээлдеги бийчи/иллюзионист. Ал робот иллюзиялары, толкун, жана эсти тандырган поп бийлери менен көпчүлүккө таанымал. Ал бүткүл АКШ боюнча, Мексикада, Европада жана Азияда өз өнөрүн көрсөтүп, сынактарга катышып, башкаларга бий сабактарын өткөргөн.

Анын видеолору Ютубда (YouTube каналында) 200 млн. ашуун көрүүчүлөрдү топтоп, Джонду чыныгы “Ютуб сенсациясына” айландырууда. Ал “Hyundai”, “Lipton”, “Metro PCS”, “Head & Shoulders”, “Lego, Swisher Sweets”, “Trulia Real Estate”, “Vlado Footwear”, “Acura”, “Ford”, жана “Pepsi” аттуу соода маркалары менен иштешкен. Джон Тейлор Свифттин “Shake It Off” аттуу ырынын видеосунда жана AMA сынагында “Blank Space” аттуу Тейлордун ырында катышкан. Ал “Americas Got Talent” жана  “So You Think You Can Dance” аттуу сынактарда катышып, NBC каналынын эн популярдуу “World Dance Season 3” аттуу теле-долбоорунда финалга чыккан. Ал бүткүл дүйнө боюнча окуучуларга бий сабактарын өткөрүп, өзүнүн бий өнөрүн жаңы муундун күч жана дем берүүчү аспабына айландырды.

YouTube: https://tinyurl.com/yaehg8uk
Twitter: https://tinyurl.com/yax8z843
Instagram: https://tinyurl.com/ycza85p
Facebook: https://tinyurl.com/y7smr7ny

Маркиз Скотт (Маркиз “НонСтоп” Скотт) – Алгач поп бийлерден баштаган Америкалык анимация (жандандыруу) бийчиси. Ал музыкалык видеолордо, The Ellen DeGeneres Show сыяктуу теле-көрсөтүүлөрдө, жарнамаларда жана шоулларда жандуу катышуулары менен элге таанымал. Ал Xcel Talent агенттиги менен кызматташтык түзгөн жана учурда “Dragon House” бий тобунун солисти болуп эсептелет. Анын Ютуб каналы “WHZGUD2” деп аталат. Маркиз эң биринчи бий өнөрүн жергиликтүү бий сынагына катышып калып баштаган. Индиана штатынын Индианаполис мектебинде досторуна кошулуп бий клубуна кирип, бийге толугу менен киришкен. Орто мектепти аяктагандан кийин ал аскерге кетсе дагы, бийди таштаган эмес. 2003-жылы аскер кызматын аяктагандан кийин, үй-бүлөсү менен болуу үчүн Жоржия штатындагы Атлантага көчкөн. Ал жакта Маркиз анимация техникасын үйрөнүп, коомдук жайларда бийлеп тарткан видеолорун Ютубга чыгара баштаган. Бийдеги жаңы ыкмаларды ойлоп таба электе Скотт жергиликтүү Wal-Mart дүкөнүндө иштеген. Маркиздин Ютубга жүктөлгөн 53 видеосу, 2011-жылдагы “Pumped Up Kicks” аттуу поп-группанын “Butch Clancy” ремиксине бийлеген видеосу, анын атагын чыгарган.  “Pumped Up Kicks” аттуу видеосу вирус сымал эл арасында жайылып, 4 күндүн ичинде 1,5 миллион көрүүчүнү топтогон. Азыркы убакта ал видеону 133 миллиондон ашуун көрүүчү көргөн.

YouTube: https://tinyurl.com/ml8oztk
Twitter: http://tinyurl.com/om56fzw
Instagram: http://tinyurl.com/p9g9n8w
Facebook: http://tinyurl.com/bxd2xp8

Джейкоб «Куджо» Лайонс – аткаруу чеберчилигинде b-boy (хип хопчу), хореограф жана кытай устундарынын акробаты болгон Лайонстун 27 жылдан ашык тажрыйбасы бар.

Ал өзү үйрөнчүк бийчилердин бири. Кулагы оорулуу болгонуна карбастан, дүйнө кыдырып,  бий жана цирк театрларына катышып, семинарларды уюштуруп турат. Ошондой эле, Лайонс b-boy бий жарыштарынын калысы катары калың журтка таанымал. Анын бий өнөрү ага көптөгөн сыйлыктарды алып келген жана LA Times аны “укмуштуунун эң мыктысы” деп атаган. Куджонун кээ бир медиа иштеринин бири болуп “Levi’s” кийим компаниясынын улуттук жарнамасы үчүн артка сальто ашып джинсыны кийген видеосу саналат. Ошондой эле, Лайонс “Run DMC” тобунун “It’s Like That,” аттуу музыкалык видеосунда негизги b-boy (хип хопчу) катары катышып, “Жылдын салгылашы: Эн мыкты топ” жана “Алдыга кадам 2: Көчөөлөр” аттуу тасмаларда роль жараткан.

YuoTube:http://www.youtube.com/watch?v=GXKqaXb8tcs
Facebook:http://www.Facebook.com/KrazyKujo

Иш-чараларга кызыкдар медиа өкүлдөрү 0312 597000, 0770 770299 номурлары жана BishkekPAS@state.gov дареги аркылуу АКШ элчилигинин Басма сөз кызматы менен байланыша алат.