4-6 февралда, АКШ элчилигинин Баңги заттардын эл аралык жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү жана укук коргоо иштери боюнча бөлүмү (INL) адамдарды сатуу тармагындагы эксперт, профессор Сьюзан Крестонду прокуратура жана милиция органдарынын кызматкерлерине тренингтерди өткөрүү үчүн чакырды.
Лекцияларды жана практикалык мисалдардын анализин камтыган үч күндүк тренинг эксперттик криминалистикалык сурак, жабырлануучуларды аныктоо, аларды рекомендациялар менен камсыз кылуу жана маселелерине арналды. Ошондой эле профессор Крестон адамдарды сатуу маселеге арналган АКШ Мамдепартаментинин ар жылдык отчетундагы сунуштарды дагы белгилей кетти. Тренингтердин канча бир катышуучулардын АКШдагы коллегалары менен жолугуу жана адам укуктарын коргоо проблемаларын талкуулоо үчүн «Эл аралык визит» программасынын алкагында Вашингтон шаарына үч жумага баруу маселеси чечилди.
2014-жылдын ноябрь айында ички иштер министри Мелис Турганбаев адамдарды сатуу проблемасы боюнча милиция кызматкерлерине тренингтерди өткөрүү суранычын INLге багыттаган. Прокуратура органдары дагы бул сунушту колдоого алышкан. Өз тарабынан, INL бекем кызматташтыкты колдоо менен ушундай тренингтерди дагы деле ткрүүгө кам көрүүдө.
Адамдарды сатуу – бул күч колдонуу менен, алдамчылык же зордуктоонун негизинде адамдарды жумуш иштегенге же проституцияга мажбурлоо. Андан тышкары, кандай шарт болбосун, проституцияга жашы 18ге жете элек балдарды мажбурлоо – ал дагы адамдарды сатуу болуп эсептелет. Адамдын ички органадарын сатуу жана, эгерде кыйноо элементи жок болсо, балдарды мыйзамсыз асыроого алуу адам сатуу болуп эсептелбейт. Адамдарды сатуу эл аралык чек аралар аркылуу, мамлекттин ичинде же болбосо шаар жана айыл чектеринде жүрүшү толук ыктымал. Дүйнө жүзү боюнча 20-миллиондон ашык адам бул проблема боюнча жабырлануучу болуп эсептелет, бирок жалпы санынан бир аз гана пайызы белгилүү болуп, ал адамдар тийиштүү жардам алышты.
Профессор Крестон Түштүк Афиркалык Республикасынын Дурбан шаарындагы Куа-Зулу Натал университетинде укук жана психология тармагындагы илимий кызматкер болуп эмгектенет, жана ошондой эле Фулбрайт программасынын профессору болуп эсептелет. Профессор Крестон адамдарды сатуу боюнча адиси жана аялдарга, жаш балдарга каршы кылмыш кылуу тармагындагы изилдөөлөрдүн автору катары ушул тренингтерди окууга атайын чакырылган. Ал ушул тармакта көп жыл бою Африкада, Европада, Түштук Азияда жана Доменикан Республикасында эмгектенип келген. Ага чейин укук тармагындагы профессор катары АКШда жаш балдарга карата кылмыш кылуу жана киберкылмыштар боюнча курстарды өтүп келген. Ошондой эле докладтар менен чыгып, азыркы учурда эл аралык денгээлдеги публикациялары менен коомго белгилүү. 1997-2002 жылдары Крестон айым АКШнын балдарга каршы мыкаачылык менен мамиле кылууну жазалоо боюнча улуттук борборунун мүдүрүнүн орун басары катары эмгектенген. Анын жумушу жашы жете элек балдарды сатуу, жаш балдар катышкан порнографияларды токтотуу жана жашы жете элек балдарга каршы жасалган кылмыштардын бетин ачуу үчүн сот-медециналык экпертизаларды колдонууга арналган болчу.