Кыргыз Республикасынын милициясы жабырлануучуларга жардам көрсөтүүгө кызыгууда

Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизат жана кылмыштуулук башкармалыгынын (БУУ БКБ) Кылмыш адилеттүүлүгү программасы, (АКШ Мамлекеттик департаменитинин) Эл аралык баңгизат жана укук коргоо ишмердиги боюнча бюросунун кең пейил колдоосу менен, милиция кызматкерлери үчүн адамдарды соодалоо (АС) боюнча эки үч күндүк семинар уюштурууда. Тренинг милиция кызматкерлерин жабырлануучуларды аныктоого жана аларга жардам көрсөтүүгө үйрөтүүгө багытталган. Жергиликтүү, аймактык жана эл аралык эксперттер АС жана мигранттарды алып кирүүнүн негиздери боюнча презентацияларын сунушташат. Бишкекте (12-14 ноябрда) жана Ошто (16-18 ноябрда) өтүүчү эки семинарда Кыргызстандын бардык жеринен келген 41 милиция кызматкери окутулат.

Тренинг учурунда катышуучулар адамдарды соодалоо фактыларын аныктоо жолдорун талкуулашат жана чыныгы жашоодо орун алган АС мисалдарынын негизинде практикалык маалымат алышат. Андан сырткары, эксперттер кылмыш адилеттүүлүк системасынын жабырлануучуларды коргоо үчүн маанилүүлүгүн жана күбөлөрдү коргоонун ролун түшүндүрүп беришет.

Бир адамдын экинчи адам тарабынан эксплуатация кылынышы бул кемсинтүүчү кылмыш. Ага карабай, адамдарды соодалоо дагы да кеңири жайылган жана күнөөкөрлөр үчүн жетиштүү катуу жаза каралбаган кылмыш бойдон калууда. Эксплуатациянын формаларында чоң аймактык айырмачылыктар бар. БУУ БКБнын Адамдарды соодалоо боюнча глобалдык докладына (2014 ж.) ылайык, Европада жана Борбордук Азияда, жыныстык эксплуатация 66%, мажбурлап иштетүү, кулдук жана ага окшош формалары 26%, ал эми эксплуатациянын башка формалары 8% түзөт.

Адамдарды соодалоо, кылмыш катары, дүйнөнүн ар бир өлкөсүнө тийиштүү. Дүйнөнүн 124 өлкөсүндө 2010 – 2012- жылдар аралыгында 152 өлкөнүн жараны болгон АСдан жабырланган адамдар аныкталган. Бул расмий маалымат адамдарды соодалоонун көзгө көрүнгөн гана бөлүгү – Чындыгында, бул көрсөткүч мындан алда-канча жогору.

Кошумча маалымат алуу үчүнДолбоордун улуттук координаторуМадина Сариева айымга кайрылыңыздар E-mail: madina.sarieva@unodc.orgТелефон: + 996 312 321732, + 996 770 757797.