Жалалабат – 15 декабрь күнү, АКШнын Элчиси Шейла Гуолтни Сузак айыл өкмотүндө (Жалалабат) жайгашкан Коомдук алдын алуу борборун ачуу аземине катышат. АКШ элчилигинин бангизат каражаттарын эл аралык жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана укук коргоо иш-аракеттери боюнча Кеӊсеси долбоордун алкагында Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу форумун (коомчулук тобу, жергиликтүү өкмөт жана милиция өкүлдөрүнөн турган форум коомчулуктагы коопсуздук маселелерин аныктайт жана приоритеттейт) түздү жана Коомдук алдын алуу борборунда оӊдоо иштерин жүргүзүп жабдыктады. Saferworld жана анын жергиликтүү өнөктөшү «Эл аралык толерантулук үчүн» фонду аталган долбоорду жергиликтүү башчыларды колдоого чакырышты. Көтөрүлүп жаткан маселенин маанилүүлүгүн эске алып, аталган коомчулук колдоо көрсөтүп, Сузак жергиликтүү өкмөтү өз бюджетинен 21% каражатын бөлүп берди.
Saferworld коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жолдору боюнча иш алып барат, биринчиден, коомчулукту кайсы маселе коопсуз кылганын аныктайт жана, экинчиден, аталган маселелердин чечүү жолдорун издейт. Коомчулукта аныкталып чыккан маселелердин көбү эрте турмуш куруу, өсүп жаткан жумушсуздук жана кооптуу жаштар болуп саналат. Аталган маселелер үй-бүлөдөгү зомбулукка, эрте жашта ажырашууга, жана диний радикализм менен зомбулук экстермизмге тартылып жаткан жаштардын санын өсүүсүнө тиешеси болгудай. Saferworld жана «Эл аралык толерантулук үчүн» фонду коомчулуктар менен милициянын биргеликте маселелерди чечүү үчүн өнөктөштүгүн күчөтөт.
Маалымат үчүн:
Байланыш үчүн өкүлү: Алексей Крук
Email: akruk@saferworld.org.uk