Милицияны эл менен жакындатуу

Жалалабад шаарында жаңы курулган милиция бөлүмүн бүгүнкү ачуу менен, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Бириккен Улуттар Уюмунун Баңги зат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ) жана Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтү кылмыштуулуктун алдын алуу жана коомдук коопсуздукту чыӊдоого багытталган эки жылдык долбоордун жыйынтыгын чыгарышты. Баасы, 4,7 миллион сомго барабар курулуш иштери, АКШнын Мамлекеттик департаментинин Баӊги заттар менен күрөшүү жана тартип сактоо ишмердиги боюнча эл аралык бюросунун (БТИ) кең пейил колдоосу менен, БУУ БКБнын Кылмыш жазалоо акыйкаттыгы программасынын алкагында ишке ашырылды.

Жаӊы милиция бөлүмүнүн ачылыш аземинде Мелис Турганбаев: “Милициянын жакшы иштеши жана жашоого коопсуз чөйрөнүн камсыз кылынышы биздин жергиликтүү коомдор үчүн эң маанилүү”, деп белгиледи. Ачылыш аземине шаар жана область деңгээлиндеги мамлекеттик органдардын жана эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, милиция кызматкерлери жана Спутник микрорайонунун тургундары катышышты. “Жаңы милиция бөлүмү тургундар үчүн толугу менен ачык болот жана биз барган сайын көбүрөөк жарандар укук бузуулар жана коопсуздуктун башка маселелери тууралуу билдирүү максатында мында кайрылып турушат деп үмүттөнөбүз”, деп толуктады Турганбаев мырза.

Жаңы милиция бөлүмүндө жарандарды кабыл алуучу заманбап бөлмө, участоктук милиция кызматкерлеринин жана өспүрүмдөр иштери боюнча инспекторлордун кабинеттери, ошондой эле, бул милиция бөлүмүн мүмкүн болушунча балдарга жагымдуу кылуу үчүн ачылган, балдардын оюн аянтчасы бар.

“Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтү бул сыяктуу долбоорлорду укук коргоо органдарынын потенциалын чыңдоо жана ал аркылуу мамлекеттин коопсуздук институттарына болгон ишенимди арттыруу максатында каржылайт”, деп белгиледи АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчисинин милдетин убактылуу аткаруучу Лаура Грисмер айым. “Түпкү натыйжа жергиликтүү тургундар өздөрү жашап иштеген жерлеринде өздөрүн көбүрөөк коопсуздукта сезип калышы болот”, деп ал өз сөзүн толуктады.

Курулуш иштеринен сырткары, АКШ өкмөтү каржылаган БУУ БКБнын бул долбоору Жалалабад шаардык милициясынын 21 кызматкерин, алардын байланышуу жана коомчулук менен биргелешип иштөө жөндөмдөрүн арттыруу үчүн, даярдыктан өткөрдү. Долбоор ошондой эле, Жалалабад шаарында кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн кантип чогуу иштешсе болоорун талкуулоо максатында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү борборлордун, милициянын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ортосунда көп тараптуу консультациялардын өткөрүлүшүнө өбөлгө түздү. Келээрки айда Шаардык кеңештин кароосуна кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча шаардын жаӊы планы жиберилет.

Кылмыш жазалоо акыйкаттыгы боюнча БУУ БКБнын бул программасы милицияны ар тараптуу реформалоого, анын ичинде конкурстук негизде кызматка алуу жана милициянын иш натыйжаларына баа берүүнүн жаңы саясаттарын ишке киргизүүгө; социалдык өнөктөштүк принциптерине ылайык участоктук милиция бөлүмдөрүн ачууга; милицияда гендердик абалды жакшыртууга жана аз улуттар өкүлдөрүнүн санын жогорулатууга багытталган иш-чараларды иштеп чыгууга; ошондой эле милициянын ишине жана анын отчеттуулугуна болгон көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган.

Спутник микро-районундагы бул милиция бөлүмү Ички иштер министрлигинин, БУУ БКБнын жана АКШ өкмөтүнүн өнөктөштүгүнүн негизинде ачылган экинчи муниципалдык милиция бөлүмү болуп саналат. Баткен областынын Таш-Тумшук айылындагы милиция бөлүмү 2014- жылдын июнь айында кайра оңдолуп, жалпы баасы 2 миллион сомго барабар заманбап жабдуулар жана эмерек менен камсыз кылынган.

Толугураак маалымат алуу үчүн улуттук координатор Мадина Сариева менен байланышыӊыз эл. почта: madina.sarieva@unodc.org тел. + 996 312 321732, + 996 770 757797