Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корпусунун волонтерлору кызмат кылууга ант беришти

(5-август 2022-жыл) – Кечээ Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында Тынчтык Корпусунун 10 волонтердон турган жаңы тобу ант беришти. Жакынкы эки жылда волонтерлор жергиликтүү англис тили мугалимдери менен иштешип, Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы орто мектептердин окуучуларына англис тилин үйрөтүшөт.

Салтанатка Билим берүү жана илим министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, АКШ элчилигинин өкүлдөрү, Тынчтык Корпусунун волонтерлору жана кызматкерлери, кесиптештери жана кабыл алуучу мектептердин директорлору жана башка коноктор катышышты.

Орто мектептерде англис тилин биргелешип окутуу аркылуу волонтерлор жергиликтүү англис тили мугалимдери менен билим алмашууга катышышат, окуучулардын коммуникативдик тил жөндөмдөрүн колдошотёжана алар өздөрүнүн мектептерине жана жамааттарына англис тилин окутуу үчүн ресурстарды түзүүгө же кеңейтүүгө жардам беришет.

Алар өз мектептеринде мугалимдер жамаатынын туруктуу мүчөсү катары иштешет, ошондой эле англис тилин жана компьютердик сабаттуулук боюнча ийримдерди ачуу сыяктуу класстан тышкаркы иш-чараларга катышышат.

COVID-19 пандемиясынан улам бардык волонтерлор 2020-жылдын март айында дүйнө жүзү боюнча эвакуациялангандан кийин, 2022-жылдын июнь айында Тынчтык Корпусунун волонтерлору Кыргыз Республикасына биринчи жолу келишти. Кыргыз Республикасы Европа, Жер Ортолук деңиз жана Азия (EСA) аймагында волонтерлорду кабыл алган өлкөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп волонтерлорду кабыл алган өлкө болду.

Бүгүнкү ант берүү аземине чейин волонтерлор кыргыз тили жана маданияты боюнча сабактарды, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасында эки жылдык иштөөгө даярдаган техникалык тренингдерди камтыган сегиз жумалык окуу программасын аякташты.

Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер волонтерлорго кайрылып жатып мындай деди: « Сиздер бул программа Кыргызстанда 1993-жылы ачылгандан бери Кыргызстан элине жалпысынан 30 жылдан бери кызмат өтөп келе жаткан Тынчтык корпусунун даңктуу 1250 адамдан ашык турган ыктыячырлар тобуна кошуласыздар. Сиз Американын жана ыктыярчы болуу салтынын эң мыкты өкүлдөрүсүздөр. Сиздер өз жамаатыңыздарга эбегейсиз жана позитивдүү таасир эткендей эле сиздердин  кабыл алуучу үй-бүлөлөр, окуучулар менен кесиптеш мугалимдер сиздерге да чоң, позитивдүү таасир көрсөтөт. Себеби сиздер достук мамилелерди түзүп, кыргыз каада-салты менен маданиятынын байлыктары менен таанышасыздар.»

Тынчтык Корпусу жөнүндө: 1961-жылдын 1-мартында  президент Джон Кеннеди өзүнүн уставы менен Тынчтык Корпусун түзгөндөн бери, 220 000ден ашуун америкалыктар 140 кабыл алуучу өлкөдө иштешти. Тынчтык Корпусунда кызмат өтөө 27 айга созулат жана миссиясы бүткүл дүйнө боюнча тынчтыкты жана достукту жана америкалыктар менен башка өлкөлөрдүн жашоочуларынын ортосундагы түшүнүүнү жакшыртуу болуп саналат. Кошумча маалымат алуу үчүн www.peacecorps.gov  сайтына кириңиз.

Тынчтык Корпусунун волонтерлору 1992-жылы АКШ өкмөтү менен кол коюлган келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чакыруусу менен Кыргызстанда кызмат өтөшөт. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин негизги өнөктөшү катары Тынчтык Корпусу «Англис тилин чет тили катары үйрөтүү» (TEFL) долбоорунун негизинде окутуунун методдорун өркүндөтүү жана англис тилин окутуу аркылуу мугалимдердин, окуучулардын жана коомчулуктун мүчөлөрүнүн кесиптик, академиялык жана жеке мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну максат кылып келет.

Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корпусу тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн https://www.peacecorps.gov/kyrgyz-republic/  шилтемесин басыңыз.

Кененирээк маалымат алуу үчүн коомчулук менен байланыш боюнча адиси Айсулуу Газиевага кайрылыңыз: agazieva@peacecorps.gov, 0555756100, 0312 650494.