Flag

An official website of the United States government

Тынчтык Корпусунун эко-туризм боюнча ыктыярчылары Кыргыз Республикасында кызмат өтөө алдында ант беришти
Тарабынан
6 МИНУТ ОКУЛДУ
January 26, 2024

Бишкек, 26-январь, 2023 – Жаңы ант берген Тынчтык Корпусунун жети адис ыктыярчылары Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Чуй областарында эко-туризм маркетинги боюнча адис катары бир жылдык ишин башташат. Алар Коомчулукка негизделген Кыргыз туризм Ассоциациясындагы өнөктөштөрү менен жаратылышка негизделген турларды иштеп чыгууга, ички жана эл аралык туристтерди тартуу үчүн натыйжалуу маркетинг стратегияларын түзүүгө, туризмдин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү экосистемасына тийгизген таасирин минималдаштыруу үчүн колдонмолорду жазууга жана мыкты иш-чараларды уюштурууга, жана жергиликтүү өнөктөштөрүнүн англис тилин жакшыртууга жардам беришет. Адис ыктыярчылар ант берүү алдында кыргыз тилине жана маданиятына басым жасаланган эки жумалык таанышуу тренингин аякташты. 

 

Тынчтык Корпусу климатка жана айлана чөйрөнү коргоого  багытталган жаңы программаларынын алкагында Тынчтык Корпусу Коомчулукка негизделген Кыргыз туризм Ассоциациясы менен болгон кызматташуусун 2023-жылдын апрель айынан баштады.  

 

Салтанатка Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери мырза, Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова айым жана жергиликтүү туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышышты. 

 

«30 жыл бою ыктыярчылар жана алардын жамааттары билимди жана көндүмдөрдү өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын элинин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү илгерилетүү үчүн кызматташып келет. Бул программа аркылуу Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары коомчулукка негизделген туристтик ассоциациялар менен бирге экологияны сактаган, жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзгөн жана жашыл экономиканы чыңдаган туризмди илгерилетүү үчүн иштешет», – деди элчи Вигери мырза. 

 

Адис ыктыярчылар учурда Кыргызстанда кызмат өтөп жаткан 35 англис тилин окутуу боюнча ыктыярчылардын катарын толуктап, ыктыярчылардын жалпы санын 42ге жеткиришет. Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корпусунун Эко-туризм боюнча программасы Тынчтык Корпусунун Европа, Азия жана Жер Ортолук деңиз аймагында бул биринчи программа болуп саналат. Бул өз ордунда Кыргыз Республикасыдагы Тынчтык Корпусунун климатка багыттылган иш-аракеттерге көңүл буруусун чагылдырып турат. 

 

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Тынчтык Корпусунун коммуникациялар боюнча адиси Айсулуу Газиеванын agazieva@peacecorps.gov дарегине кайрылыңыз же 0312 650494 (ички 1100) аркылуу байланышыңыз. 

 

####