Кыргыз Республикасы кургак учукту дарылоонун жаңы режимдерине өтүүдө

Саламаттыкты сактоо министрлиги жана USAIDдин Challenge TB (“Кургак учукка каршы туруу”) долбоору Кыргыз Республикасы боюнча кургак учуктун (туберкулез) дары-дармектерге туруктуу формасы менен жабыркаган бейтаптарды жаӊы, эффективдүү жана кыска мөөнөттүү дарылоо режимине өткөрө башташты. Дарылоонун жаӊы режими, мурунку стандарттык дарылоого караганда, арзан жана терс таасирлери азыраак.

Көптөгөн дары-дармектерге туруктуу кургак учук менен жабыркаган бейтаптар дарылоонун кыска мөөнөттүү дарылоого өткөрүлөт. Ал режим адаттагы 20-24 айдын ордуна 9-12 ай гана дарыланууну талап кылат. Ал эми өзгөчө оор формаларды жана дары-дармектерге өтө туруктуу кургак учук менен ооруган бейтаптар Бедаквилин жана Деламанид аттуу жаңы дарылардын колдонуусу менен жеке схемаларга өткөрүлөт. Дарылоонун жаӊы схемасы 2017-жылдын январында Чүй облусунда жана Бишкекте киргизиле баштаган. Ноябрь айынан баштап, жаңы дарылоо режимдери Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында башталды.

Кыргыз Республикасынын дарылоонун жаӊы режимдерине толугу менен 2018-жылдын жазында өтүшү күтүлөт.

USAIDдин Challenge TB долбоордун алкагында 1 миңде ашык дарыгерлер жана медайымдар окутуудан өтүп дарылоонун жаӊы жолун жайылтууга салым кошулду. Кийинки эки жылда дагы бул процесс боюнча колдоо көрсөтүү уланат.

Кыргыз Республикасында дүйнө жүзү боюнча көптөгөн дары-дармектерге туруктуу кургак учук менен оору денгээли жогорку 30 өлкөлнүн катарына кирет. Ар жылы 1,4 миң чукул кыргызстандыктар көптөгөн дары-дармектерге туруктуу кургак учукка чалдыгышат. Кургак учуктун бул формасы дарылоо үчүн адатта колдонулуп келген эки күчтүү жана натыйжалуу дарыларга туруктуу болуп саналат.