1-2-июнда, АКШ Конгрессинин Демократия үчүн өнөктөштүк комиссиясынын делегациясы Кыргыз Республикасына келип Жогорку Кенештеги кесиптештери жана Кыргыз өкмөтүнүн жетекчилери менен жолугушат. Ошондой эле, делегация Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин маанилүүлүгүн тереңирээк билүү үчүн бир нече кызматташтык программалар менен таанышат.
АКШ Конгрессинин Эл өкүлдөрү палатасынын Демократия үчүн өнөктөштүк комиссиясы – бул дүйнөдөгү 17 өнөктөш өлкө, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен иштеген натыйжалуу, көз карандысыз жана жоопкерчиликтүү мыйзам чыгаруу мекемелерди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү кош партиялуу, жыйырма мүчөдөн турган комиссия. АКШ Конгресси менен Жогорку Кенеш бул программанын үстүндө 2012-жылдан бери кыматташууда.
2005-жылы АКШ Конгрессинин Эл өкүлдөрү палатасы тарабынан түзүлгөн, бул Демократия үчүн өнөктөштүк мыйзам чыгаруу орган тарабынан көзөмөл жүргүзүү, бюджетти серептөө, комитеттердин ишин жакшыртуу, шайлоочулар менен иштөө жана китепканалык менен изилдөө кызматтарды көрсөтуу сыяктуу негизги багыттарда дараметин күчөтүү максатында тең деңгээлде алмашуу программаларды өткөрөт, мүчөлөрү жана кызматкерлери үчүн окутуу семинарларды уюштурат жана даректүү материалдык жардам көрсөтөт. Жекелик басымын бийликтин мыйзам чыгаруу бутагына жасаганы үчүн, жана дүйнө жүзүндөгү мыйзам чыгаруучулардын АКШлык кесиптештери менен айкалыштыруу уникалдуу жөндөмдүүлүгү үчүн бул комиссия демократия институттарды бекемдөө жана эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү багытындагы барктуу форуму болуп эсептелет.
Делегациянын мүчөлөрү:
- Конгрессмен Питер Роксам, Конгрессинин Эл өкүлдөрү палатасынын Демократия үчүн өнөктөштүк комиссиясынын төрагасы (Республикачыл, Иллинойс штаты)
- Конгрессмен Дэвид Прайс, Демократия үчүн өнөктөштүк комиссиянын даражалуу мүчөсү (Демократ, Түндүк Каролина штаты)
- Конгрессмен Эндер Креншоу, (Республикачыл, Флорида штаты)
- Конгрессмен айым Сюзан Дэвис, (Демократ, Калифориня штаты)
- Конгрессмен Жим МакДермотт, (Республикачыл, Вашингтон штаты)
- Конгрессмен Тим Мерфи, (Республикачыл, Пенсильвания штаты)
- Конгрессмен Жерри Коннолли, (Демократ, Виржиния штаты)
- Конгрессмен айым Дина Титус, (Демократ, Невада штаты)