АКШ Вице-Президенти

Vice President Mike PenceКошмо Штаттардын Вице-президенти

Майкл Ричард Пенс 1959-жылы 7-июнда Индиана штатында, Колумбус шаарында, Эдвард менен Нэнси Пенстин үй-бүлөсүндө туулган. Үй-бүлөдө 6 бала болгон. Жаш кезинде эле ал Америкалык тилек идеологиясынын ачык жактоочусу экендигин көрсөткөн. Пенс 17 жашында чоң атасы Кошмо Штаттарга көчүп келишкен да, алардын бүлөсү Ортоңку Батыштан конуш алган. Келечектеги Вице-президент ата-энеси кантип баарын үй-бүлөнү, бизнести, кадыр-баркты куруп жатканын өз көзү менен көрүп-билип турган. Индиананын чакан шаарында күндөлүк зарыл товарлар менен соода жүргүзүп, ийгиликтүу бизнес курууга жетишкен ата-энесинин тизесинде отуруп, ал жан үрөгөн эмгектин, ишеним менен үй-бүлөнүн маанилүү экендигинин духунда тарбия алган.

1981-жылы Вице-Президент Пенс Ганновердеги колледжди бүтүп, тарых бакалавры деген адистик алган. Окуп жүргөндө Пенс христиандык ишенимдерин бекемдеп, жүзөгө ашыра баштаган, ал азыркыга чейин өмүрүндөгү кыймылдаткыч күч болуп калды. Кийинчерээк ал Укук мектебинде билим алып жүргөндө өмүрлүк жарына, экинчи айым Карен Пенске жолукту.

Окууну бүткөн соң Вице-президент Пенс Indiana Policy Review Фондунда юридикалык иштер менен алектенген, аны менен катар эле “Майкл Пенстин шоусу” деген өздүк радио ток-шоусун, Индианадагы жумалык саясий теле шоусун алып барып жатты, ушул мезгилде Майкл, Шарлотта жана Одри деген үч баланын атасы болду.

Индиана штатында, Индиананын эмгекчил жана ак пейил тургундарынын арасында өскөн Вице-президент Пенс ага көптү берген өлкөсүнүн алдындагы өз милдетин дайым сезген. 2000-жылы Индиана штатынан Конгресске ийгиликтүү шайланып, 40 жашында Кошмо Штаттардын Өкүлдөр Палатасынын мүчөсү болгон.

Борбордук жана чыгыш Индиана тургундары Вице-президент Пенсти 6 жолу Конгресске өз өкүлү кылып шайлаган. Капитолия дөңсөөсүндө чектелген бийлик шарттарында, фискалдык жоопкерчиликти өнүктүрүү, экономикалык өнүгүү, билим берүү жана АКШ Конституциясын сактоо тармагында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө ал өзүн лидер катары көрсөттү. Анын коллегалары лидерлик сапаттарын баалап, бир добуштан партиялык ишмердүулүк маселелери боюнча Республикалык комитеттин төрагасы жана өкүлдөр палатасында Республикачылар конференциясынын төрагасы кылып шайлашты. Бул кызматтарда иштеп жатканда Вице-президент өкмөттүн экономикалык ыйгарым укуктарын азайтууга, жогорку натыйжалуулукка жетишүүгө, чыгымдарды кыскартууга жана бийликти штаттар менен жергиликтүу өзүн өзү башкаруучу органдарга кайтарууга кадамдарды жасады.

2013-жылы Вице-президент Пенс өлкөнүн борборунан кетип, Индиананын элинде штаттын 50-губернатору болуп шайланды. Жаңы орунда, Индиана шаарынын мыйзам чыгаруучу органынын имаратында Пенс ошол эле бийликти чектөө жана салыктарды азайтуу философиясын ишке киргизүүгө киришти. Губернаторлук кызматта ал кирешеге жеке салыкты, жеке адамдардын бизнес мүлкүнө салыкты жана ошондой эле Штаттын атаандаштык жөндөмүн чыңдоо, жаңы инвестицияларды тартуу, эмгек акысы жогору жумушчу орундарын түзүү максатында уюмдардын кирешеге салыгын азайтуу менен Индиананын тарыхында киреше салыгын эң төмөнкү чекке чейин жеткирүү боюнча чараларды көрдү. Элди жумуш менен камсыз кылуу маселесине тынымсыз көңүл бөлгөндүгүнүн аркасында ал кызматта турган 4 жылдын ичинде штаттагы жумушсуздук деңгээли эки эсеге азайган, ал эми анын кызмат мөөнөтү бүтөрүндө Индианада штаттын 200 жылдык тарыхында болбогондой көп адам жумуш орундарын тапкан.

Индиананын губернатору болуп турганда Вице-президент Пенс мектептердин санын, аларды каржылоону көбөйткөн жана Индиананын тарыхында биринчи жолу мамлекет каржылай турган мектепке чейинки билим берүү планын түзгөн. Анын күч-аракеттеринин аркасында карьера жана техникалык билим берүү ар бир орто мектепте приоритет болуп калды. Вице-президент Пенстин жетекчилиги астында «Американын кайчылашкан жери» катары таанымал Индиана бүткүл штат боюнча жолдор менен көпүрөлөрдү курууга 800 миллиондон ашуун АКШ долларын салган. Салыктык төлөмдөрдүн болуп көрбөгөндөй азайганына, жолдор менен мектептерге каржыларды салганына карабастан, штат финансылык жоопкерчилик ченемдерин бузган эмес, анткени Вице-президент Индиананын Генералдык ассамблея мүчөлөрү менен бирдикте абдан кылдат балансташкан эки бюджетти кабыл алышып, алардын негизинде штатты абдан мыкты резервдер менен камсыздашкан жана башкалардын суктануусун жаратып, ААА кредиттик рейтингдин талаптарын аткарышкан.

Вице-президент Пенстин Индианадагы ийгиликтин тарыхы болуп калган мыйзам чыгаруу жана аткаруу боюнча алдыңкы тажрыйбасы менен өтө бекем үй-бүлөлүк баалуулуктары Президент Дональд Трампка 2016-жылы июлда Майк Пенсти өзүнө шериктеш катары тандап алышына түрткү болду. 2016-жылы 8-ноябрда америкалык эл Президент Дональд Трамп менен Вице-президент Майк Пенсти шайлады. Президент Дональд Трамп менен Вице-президент Майк Пенс 2017-жылы 20-январда кызматка киришти.

Вице-президент Майк Пенс мурдагыдай эле Кудайга, үй-бүлөсүнүн мээрими менен колдоосуна жана ар бир америкалыктын ажыратылгыс укугу болгон эркиндиктин ак жолуна ыраазы. Пенс америкалык эл менен биргелешип иштөөнү чыдамсыздык менен күтөт, анткени «Американы кайрадан улуу кылуу» слоганы алардын жалпы максаты.

Өмүр баян алынган булак: : whitehouse.gov