C5+1

“С5+1” – АКШ менен Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргыз Республикасынын өкмөттөрүнүн регионалдык дипломатиялык платформасы. C5+1 биздин орток максатыбыз – АКШ менен өнөктөштүктө жалпы көйгөйлөрдү биргелешип жеңген көз карандысыз, өнүккөн жана коопсуз Борбор Азияга жетишүү үчүн АКШ менен Борбор Азиянын ортосундагы координацияны бекемдейт.

C5+1 2015-жылы түзүлгөндөн бери бул платформанын алкагындагы алака министрлер деңгээлиндеги байланыштар, эксперттик жолугушуулар жана тематикалык жумушчу топтор аркылуу АКШ-Борбор Азия диалогу менен кызматташуусун кеңейтти. Экономика, энергетика, экология жана коопсуздук боюнча C5+1 жумушчу топтору, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан аймактык программалар, тренингдер жана семинарлар ич ара макулдашылган максаттарды ишке ашырууга түрткү берет.

2022-жылы С5+1 Катчылыгы башкы максаттарды белгилөө,  өкмөттөр ортосундагы байланыштарды координациялоо, ошондой эле жогорку деңгээлдеги министрлердин жолугушууларын жана башка иш-чараларды пландаштыруунун расмий жол-жоболорун белгилөө үчүн түзүлгөн. C5+1 Борбор Азия чөлкөмүнүн коопсуздугун, туруктуулугун жана өнүгүшүн чыңдоо үчүн биргелешкен ишти улантууда.

C5+1 биргелешкен билдирүүлөрү

Биринчи биргелешкен декларация С5+1; 1-ноябрь, 2015-жыл

С5+1 форматындагы министрлердин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү; 3-август, 2016-жыл

Мамлекеттик катчы Тиллерсондун C5+1 лидерлери менен жолугушуусу (жолугушуу тууралуу билдирүү); 22-сентябрь, 2017-жыл

С5+1 форматындагы министрлердин төртүнчү жолугушуусунун жыйынтыктары жөнүндө биргелешкен билдирүү; 24-сентябрь, 2019-жыл

С5+1 форматындагы министрлердин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү; 5-февраль, 2020-жыл

С5+1 форматындагы министрлердин виртуалдык жолугушуусунун жыйынтыктары боюнча биргелешкен билдирүү; 4-май, 2021-жыл

С5+1 «Борбордук жана Түштүк Азия: аймактык байланыш. Кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр”конференциясынын жыйынтыктары боюнча биргелешкен билдирүү; 16-июль, 2021-жыл

C5+1 Климаттык кризистен чыгуу боюнча биргелешкен билдирүү; 21-сентябрь, 2021-жыл

Бириккен Улуттар Уюмунун 76-сессиясынын алкагында С5+1 министрлеринин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү; 29-сентябрь, 2021-жыл

Бириккен Улуттар Уюмунун 77-сессиясынын алкагында С5+1 министрлеринин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү; 28-сентябрь, 2022-жыл