АКШнын жана Кыргыз Республикасынын тарыхы

  1. C5+1

Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы мамилелеринин пайдубалы болгон биздин достугубуз жана эки улуу эл катары бирге иштөөгө жөндөмдүүлүгүбуз акыры эки тараптын карапайым жарандары бири-бирин канчалык жакшы түшүнгөнүнө көз карашты. Ошондуктан АКШ өкмөтү ишенет: эки өлкөнүн арасындагы алакаларды бекемдөө үчүн эң маанилүү салымыбыз – бул билимди жана эки элдин арасындагы байланыштарды кеңейтүү.

Алмашууларга катышуунун адамдын турмушуна берген таасири катышуучунун четте жүргөн убагынан кийин көп убакытка чейин жайылат. Ошо сыяктуу эле, алмашуу программалар тек кана катышуучуларга эмес, АКШда жүргөндө алар менен таанышкан адамдарга, өз өлкөсүнө кайтып келгенде алардын көрүп-билгендерин уккандарга да таасир этет. Ошентип, Кыргызстан менен АКШнын жеке адамдардын ортосунда алмашуулар бири-бирибизди түшүнгөнүбүздү жогорулатып, жалпы көйгөйлөрүбүздү салыштырып, аларды чечүү жолдорун бөлүшкөнгө мүмкүнчүлүк берип, жалпы максаттарыбызга тынчтык жолу менен жетүү үчүн элибизин арасында байланыш тармактарды көбөйтүп эки өлкгө тең пайда алып келуүүдө.

Мамлекеттик департамент дүйнөдө ар бир өлкө боюнча атайын өзгөчө маалымат (CSI) даярдап, негизги маалыматтар жана саякатоо шарттары жөнүндө кабарлайт. Ар өлкө жөнүндө атайын өзгөчө маалыматты (CSI) Консулдук бөлүмдө окуй аласыз же көчүрмөсүн ала аласыз. Бул шилтемени көрүңүздөр: https://travel.state.gov/content/passports/en/country/TheKyrgyzRepublic.html