Элчи Дональд Лу

АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Дональд Лу 2018 жылдын 18-сентябрында ант берген. Бул дайындоого чейин ал АКШнын Албания Республикасындагы элчиси катары кызмат кылган. Анын чет жердеги алып барган иштери Индия, Азербайжан жана Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиялардын жетекчилеринин  орун басарынын кызматтарын камтыган. Ал ошондой эле, АКШнын Азербайжандагы элчилигинде Убактылуу ишенимдүү өкүл катары бир жыл кызмат өтөгөн. Элчи Лу Батыш Африкадагы Эбола безгегинин жайылуусун токтотуу боюнча Мамлекеттик департаменттин Эбола эпидемиясына каршы күрөш боюнча координаторунун орун басары болуп эмгектенген.

Лу мырза мамлекеттик кызматтагы 28 жылдык тажрыйбасы бар дипломаттык кызматкер. Ал Пакистан, Индия, Грузия, Кыргызстан, Азербайжан жана Вашингтондо иш аткарып келген.  Ал ошондой эле, 1988-1990-жылдары Батыш Африкадагы Сьерра Леонеде Тынчтык Корпусунун ыктыярчысы болуп, колго казылган кудуктарды калыбына келтирүүгө көмөктөшүп, саламаттыкты сактоо жана тазалык боюнча билимди жайылтууга жардамдашкан.

Лу мырза Калифорниянын Хантингтон-Бич аттуу жеринин тургуну. Ал Принстон университетинде эл аралык мамилелер адистиги боюнча магистр жана бакалавр даражаларын жактап билим алган.  Анын жубайы доктор Ариэль Ахарт коомдук саламаттыкты сактоо боюнча эмгеги сиңген адис. Алардын эки баласы бар: 16 жаштагы Кип, жана 13 жаштагы Алия. Ал албан, орус, грузин, азербайжан, урду, хинди жана батыш африкалык крио тилдеринде сүйлөйт. Ал велосипед минип сейилдөөнү, кино тасмаларды көрүүнү, саякатка чыгууну жана бош убактысын үй-бүлөсү менен өткөрүүнү жактырат.