Миссиянын башчысынын орун басары Соната Култер

Соната Н.Коултер 2021 -жылдын июль айында АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин башчысынын орун басарлыгынан баштаган жана 2021-жылдын сентябрынан 2022-жылдын ноябрына чейин АКШнын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү болуп иштеген.

Кыргыз Республикасындагы кызматтан мурун, ал 2018-жылдын сентябрынан 2021-жылдын июнуна чейин Россиянын борбору Москвадагы АКШ элчилигинде Саясий маселелер боюнча кеңешчинин орун басары болуп иштеген. Коултер айымдын буга чейин башка чет өлкөлүк кызмат орундарында, анын ичинде Кыргызстандын борбор калаасы Бишкектеги элчиликтин Саясий/Экономикалык бөлүм жетекчиси, Либериянын борбору Монровияда Экономика боюнча ага кызматкер катары, ошондой эле Россиянын Москва жана Екатеринбург шаарларында эмгектенип келген.  Вашингтондо ал АКШнын Европа жана Евразияга жардам көрсөтүү координаторунун офисинде Кавказ боюнча көмөк көрсөтүү координатору болуп иштеген, Экономикалык бюросунун коркунучтарга каршы туруу жана санкциялар бөлүмүндө Иран санкцияларын чагылдырган жана Борбордук Африка иштери боюнча кеңсесинде Чад жана Борбордук Африка Республикасы үчүн жооп берген кызматкер катары иштеген.

Коултер айым Калифорниянын Лос-Анжелес шаарында туулган. Колумбия университетинин искусство тарыхы жана француз тили боюнча бакалавр даражасын жана Джордж Вашингтон университетинен эл аралык иштер боюнча магистр даражасын алган. Ал орус жана француз тилдеринде сүйлөйт. Коултер айым Кыргыз Республикасынын жаратылыш кооздугун изилдөө, саякаттоо, китеп окуу жана үй -бүлөсү менен убакыт өткөрүүнү жактырат. Ал үй-бүлөлүү, эки баланын энеси.